«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Бишкекте семинар болуп өттү

19 Июль 2018 жыл 10:48
Көрүүлөрдүн саны: 38

14-15 июлда Бишкек шаарында алып баруучуларга арналган семинар болуп өттү.

      Bishkek-shaaryndagy-seminar

14 июлдан-15 июлга чейин Бишкек калаабызда алып баруучуларга семинар болду. Семинар 12 катышуучудан туруп жана “Альпинист” мейманканасында өтүлдү. Кыргызстандагы Жааматтык Массалык Маалымат Каражат Бирлигинин аткаруучу  директору Назира Жусупова семинар жөнүндө кыскача маалымат бере кетти:

“Бул семинар “Фридрих Эберд” фонду менен каржыланууда. Жалпы 12 катышуучу болду, сабакты “Суусамыр FM” радиосунун жетекчиси Айзада Калканбекова жана “Апрель” телеканалынын жаңылыктар кызматынын редактору Айбек Бийбосун уулу алып барышты”,-деп билдирди Назира Жусупова.

“Суусамыр  FM” радиосунун алып баруучулары Анарбек Калдыков жана Зыйнат Самарбекова семинардын эң сонун деңгээлде өткөнүн билдиришти:

“Семинар абдан жакшы өттү. Өзүбүзгө көп нерселерди ала алдык жана дагы ушундай семинарлар болсо жакшы болмок, өзүбүздү өнүктүрүүгө, такшалтууга керек болчу. Тренерлер жакшы, кучтүү журналисттер болду”,-деп айта кетти Анарбек Калдыков.

“2 кундук семинар жакшы деңгээлде өттү десем жаңылышпайм. Пайдалуу маалыматтарды алдык. Тренер жөнөкөйлүгү, мыктылыгы менен жакты жана катышуучулар активдүү болушту”,-деп билдирди Зыйнат Самарбекова.

Келечекте дагы ушундай семинарлар болушуна биз тилектешпиз.

Даярдаган: Саадат Нуржан кызы, Айнуру Керимбаева.

РадиоМост, Талас.