«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Сулуулук дүйнөнү сактайт

15 Июль 2018 жыл 6:27
Көрүүлөрдүн саны: 25

Ар бир эле адамдын оюуна “Канткенде сулуу боло алам?”- деген суроо келиши мүмкүн. Ал үчүн эч убакытыңызды коротпой өз сулуулугуңузду көрктөндүрүү  үчүн  үй шартында же болбосо убакытты үнөмдөп сулуулук салондоруна кайрылсаныз болот

      Datka-salonu

Талас шаарында көптөгөн сулуулук салондор бар. Алардын бири  “Датка” салону. Бул салондо өз ден соолугуңуздан баштап, сырткы келбетиңизге чейин сулуулап ажарыныздарды ачып кетсениздер болот. “Датка” салонунун кожойкеси Роза Исаеванын айтымында:

“Датка” салонунун ачылышына быйыл 3 жыл болуп жатат. Баардык эле шарттар бар. Бул жерде парихмаркер, визажист, маникюр, үлпөт салону жана айымдардын саркеч кийимдери бар. Шарттар айымдарга туура эле келет”,- деп билдирди Роза Исаева.

Ал эми макияж жасоочу бөлүмүндө Айчүрөк Токтоболотова макияж жасап эмгектенет. Айчүрөк Токтоболотованын айтымында:

“ Иштеп жатканыма 1 жарым жылдай болуп калды. Мен кирпик чаптайм, каш терем, макияж жасаймын, визажистим. Оорчулук болбойт бирок, ар кандай кардарлар келип калат. Кардардын оюндагыдай кылсан оорчулук деле болбойт. Макияж 300 сомдон башталып 600 сомго чейин”,- деп айта кетти Айчүрөк Токтоболотова.

Жана ошондой эле “Датка” салонунун чач жасалгалоочу бөлүмүндө Гандира Кудайбергенова эмгектенет. Чач жасалгалоонун көп түрлөрү бар. Алардын ичинен эң кымбаты 1500 сом ал эми чач кырктыруу 150 сом. Гандира Кудайбергенова чач жасалгалоо менен алектенгенине 7 жыл болду жана өзгөчөлүгү колдонгон каражаттарынын кымбаттыгында.

Интернеттен алынган сүрөт

Талас шаарынын тургуну Гулкайыр Сапаралиеванын айтымында:

“ Мен “Датка” салонуна биринчи жолу келишим,буга чейин көп эле салондорго баргам, бирок бул жерди аябай жакшы дегенинен келгем. Өзгөчөлүгү кылган мамилеси жакшы экен, киргенинен баштап аябай жакшы мамиле кылышат экен. Айымдардын баарына эмне дейм эми, сулуу болгула. “Датка” салонуна келгиле, бул канаттандыраарлык жер экен”,-деп айтты Гулкайыр Сапаралиева.

“Датка” салонунда   маникюр бөлүмүндө дагы Нурлан кызы Элизат эмгектенет.  Нурлан кызы  Элизаттын  эмгектенгенине 8 ай болду,  ал маникюрдун баалары болсо жөнөкөйү 150 сом, шеллак 300 жана башка дагы  түрлөрү дизайнына жараша кымбат арзан болуп бөлүнөт. Ал эми өзгөчөлүгү бул лактардын фирмасынан жана маникюр жасоочу адамдын чеберчилигине байланыштуу дизайнынан айырмаланат.

Биринчи байлык ден соолук демекчи “Датка” салонунда ден соолукту чындоочу фито бочка бар жана тамыр кармап даарылоочу эжекелер эмгектенет. Бул массаж жасоо 10 күнгө 7000 мин сом. Ал массаж жасоонун ичинде баардык дарылоочу каражаттар кирет жана эң маанилүүсү мындай каражаттар бир гана “Датка” салонунда бар.

Жогорудагыдай сулуулук дүйнөнү  сактайт демекчи ар бир айым өз  сулуулугун көрктөндүрүү максатында  “Датка” салонуна барып  өз маанайыңыздарды көтөрүп сулуу жана ден соолукта болуп кетсеңиздер болот.

Даярдаган: Айнуру Керимбаева

Алып барган: Айнуру Керимбаева