«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Тез тамактануучу жай — “Бунчик”

11 Июль 2018 жыл 18:46
Көрүүлөрдүн саны: 23

Тамактануу — организмдин тиричиликти, ден соолукту, ишке жөндөмдүүлүктү сактоо үчүн зарыл болгон азык заттарды сиңирүү процесси

      Bunchik

Азыркы убакта  көп эле тез тамактануучу жайлар бар. Бирок көпчүлүк  учурда  шаарыбыздын тургундары кайсыл тез тамактануучу  жай канаттандыраарлык деп көпкө ойлонушат. Тез тамактануучу  жайлардын бири “Бунчик”.

“Бунчик” 4 жылдан бери иштеп келет. Тез тамактанууга ыңгайлуу жай десем жаңылышпайм. “Бунчик” тин  кожойкеси Чолпон Русланованын айтымында:

“ Биз 4 жылдан бери иштеп келе жатабыз. Азыркы учурда 6 кызматкер иштейт.  Кардарларга машина токтотуучу жай, фастфудтун түрлөрү жана кичи балдарга арналган  атайын меню бар. Үй-бүлөдөн башка, демөөрчүлөр жок. Кыйынчылыктарга көп эле  туш болобуз”,- деп билдирди Чолпон Русланова.

Ал эми “Бунчик” тин кызматкери Жанара Кемелованын айтымында:

“ Негизи жумуштун  оною жок, баары эле кыйын, бирок өзүңдүн аткарган жумушуңду билгенден кийин бир топ кыйла жеңилирээк. Натыйжада жумушум  жеңил эле, кассада турам.  Келген кардарларды  тейлеп, буйрутмаларын алып,  ашканадагы ашпозчуларга берип жана кайрадан  залда  отурган кардарларга берем.  Жетишпеген дагы күндөрүм болгон, көбүнчө майрам күндөрү”,-деп айта кетти Жанара Кемелова.

Кардарлар дагы  “Бунчик” тин тейлөөсу эн сонун, канаттандыраарлык  деп билдиришти. Шаар тургуну Бермет Кененбаеванын айтымында:

“ Бунчикке биринчи жолу келишим. Мага Бунчик жакты. Бул жер таза, тейлөөсу жакшы. Мен 5 деген бааны коёт элем”,-деп билдирди Бермет Кененбаева.

Эгер тез тамактанган жайлардын кайсынысы жакшы деп ойлонсоңуздар, анда “Бунчик” ке барып,   тез тамактанып кетсеңиздер болот.

 

Даярдаган: Саадат Нуржан кызы.

Алып барган: Саадат Нуржан кызы.