«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Кымыз-дарылык касиетке ээ улуттук суусундук.

9 Июль 2018 жыл 19:16
Көрүүлөрдүн саны: 337

Кымыз – дарылык касиети бар суусундук. Анын курамында жеңил сиңчү белоктор, майлар, углеводдор, сүт кислотасы, минерал туздары, С, В, А витаминдери бар. Алар тамак сиңирүүнү жакшыртып, кандын көбөйүшүнө көмөктөшөт. Бээнин сүтүндөгү майлуулук да башка малдыкына караганда аз жана өтө пайдалуу. Ошондой эле йоддун саны да өтө жогору

      kymyz

Кыргыз эли эмнеге гана бай эмес. Кооз жери, меймандос эли, эл оозунда айтылгандай, бейиштен айырмасы жок өлкө десем жаңылышпаймын. Ананчы, улуттук тамактары, суусундуктары өзүнчө эле бир керемет. Ичсең суусаганынды кандырат, кайра эле ичкиң келип турат. Тажабайсың, канча ирет ичсең да ден соолугуңа зыян тийгизбейт, пайдасы гана болбосо. Төмөндө кыргыздын эң баалуу суусундуктарынын бири болгон бул- кымыз.

Түз-Ашуу жайлоосунда кымызды жасап  эмгектенген  Чынар Умуталиеванын  айтымында:

“Биздин келгенибизге быйыл 15 жыл болуп калды. Башында көп кыйынчылыктар болду, бирок  анын баарына чыдап, азыр баары жакшы. Бир күндө жасаган кымызыбыз 50-60 литр болот. Ден соолукка пайдалуулугу жакшы буйруса, жакшы жактары бар экен бээнин сүтүндө. Бир литр кымызды азыр 20 сомдон сатып жатабыз,башында келгенде 30-35 сомдон сатып жүрчүбүз. Кымыздан башка дагы сүт, айран, сары май, курут, каймак, тыбыт жасайбыз. Кымыздын ыкмасы биринчи бээни сайбыз, анан гүүчелек тыштайбыз, ыштайбыз. Негизи 3 күндө 1 жууп турса кымыз жакшы болот. Кымызды жасоодо көп эле кыйынчылыктар болот”,  -деп билдирди Чынар Умуталиева.

 Эс алуучу адамдар дагы кымыздын пайдалуулугун айтып жатышат. Талас шаарынын тургуну Нурайым Калыбаеванын айтымында:

“ Биз биринчи жолу эмес, бул келишибиз 5 жолу десем жанылышпайм. Кымыз албетте жагат,  кыргыздын улуттук суусундугу десем болот. Бир күндө бир литр кымызды ичип түгөтбөйбүз, бир литр кымызды 2 кун ичсе болот. Ооба,кымыз  пайдалуулугун  берип жатат”,-деп айта кетти Нурайым Калыбаева.

Атайын алыс жактан келип, сүт ичкени  жана эс алганы келген Базаркүл Алымбекованын айтымында:

“ Мен 3-4 жылдан бери келип жүрөм, 10 кунго келем. Биз өзү Москвада иштеп жүрөбүз, балдардын жайкы эс алуусунда келгенбиз. Кымыз, сүт ичип келейли деп. Мен негизи кымыз ичпейм,сүт ичем. Кышкы аба ырайына жакшы десем жанылышбайм. Башка жактан өзгөчөлүгү эми аба ырайы таза, өзүмдүн эл-жерим,   башка жактан өзгөчө да эми. Мага таасири ооба, жакшы. 3-4 жылдан бери  келип ичип турабыз”, — деп билдирди Базаркүл Алымбекова.

Кымыз ичүү бул-ден соолукка пайдалуу,андыктан кымызды ардайым ичип турунуздар. 

Даярдаган: Айнуру Керимбаева 

Алып барган:  Айнуру Керимбаева 

Сүрөттүн автору: Айнуру  Керимбаева 

ЖАЙКЫ СЫНАК ҮЧҮН.