«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

2017 – 2018 — жылдын бүтүрүүчүлөрү 2018-жылдын 23-июнунда Талас шаарындагы Абжалбек Чолпонкулов атындагы №1 орто мектебинде 11-класстарга аттестат тапшыруу аземи болуп өттү

28 Июнь 2018 жыл 20:54
Көрүүлөрдүн саны: 239
      buturuuchulor-Mixdown-1

интернеттен алынган сүрөт

Талас шаарындагы  Абжалбек Чолпонкулов атындагы №1 орто мектебинде 11-класстарга аттестат тапшыруу аземи болуп өттү.  Аталган мектептин мүдүрү Самара Жарманбетованын айтымында:

“Бүтүрүүчүлөрдүн жалпы саны 48.  Жакшы жыйынтыкты көрсөткөн  19  окуучу болду,  ошол 19 окуучунун ичинен эң мыкты жыйынтыкты көрсөткөн 2 окуучубуз болду”, —  деп билдирди Самара Жарманбетова

Көптөн бери ушул күндү күткөн, аябай толкунданып турган, эң биринчи документти алып жаткан бүтүрүүчүлөрүбүздүн бири Мадина Молдобекованын айтымында:

“Манайымды сөз менен сүрөттөп бере албайм,  себеби  бүгүн башкача бир сезим болуп жатат. Мектеп менен коштошуп жатабыз, бир гана мектеп менен эмес, балалык менен дагы коштошуп жаткан учурубуз.  Алдыга   койгон максатым буйруса,  Кыргыз Мамлекеттик Техникалык институтка тапшырайын деп жатат, инженер-энергетик жагына.  ОРТ тести мен үчүн абдан ийгиликтүү  болуп өттү,натыйжада 192 балл алдым.  Жыйынтык жаман болгон жок,  мектеп боюнча эң жогорку баллды мен алдым,  ар кандай сертификаттар,  мактоо баракчалар тапшырылды”, —  деп айтты бүтүрүүчү Мадина Молдобекова.

“Окуу – билим азыгы,  билим -ырыс азыгы”  дегендей,  «А» тамгасын таанытып,  11 жыл билим,  таалим-тарбия берип,  эрезеге жеткирген жана ар бир баланын мүнөзүнө жараша мамиле кылып,  баланын жөндөмүнө,  шыгына жараша билим берип,  турмуш жолуна салган албетте-бул мугалим.

Талас шаарындагы Абжалбек Чолпонкулов атындагы №1 орто мектебинде уюштуруучу болуп эмгектенген жана быйылкы 11 “А”-классынын класс жетекчиси Райма Расылканованын айтымында:

“Быйылкы бүтурүүчүлөр мектепке абдан чоң ийгиликтерди алып келди десем жаңылышбайм,  себеп дегенде 11 “А” классынын окуучусу Молдобекова Мадина жана 11 “Б” классынын окуучусу Жуматаев Бекжан алтын тамгадан, кызыл сертификат менен сыйланышты.  ОРТ баллынан эң жогорку баллды Молдобекова Мадина 192 балл менен, Жуматаев Бекжан 183 баллга ээ болушту”,- деп айта кетти  Райма Расылканова.

Дагы  бир бүтүрүүчүлөрүбүздүн бири Калысбеков Кубанычбектин айтымында:

“Мектепти бүтүп жатканыма абдан өкүнүчтүү сезим болуп жатат. Себеби мектепке экинчи келбей,ушундан нары кетет экенбиз. Алдыга койгон максатым ушул Кыргызстанга окшогон бир кичинекей мамлекет өзүм түзкүм келет. ОРТ тести буйруса  жакшы өттү,өзүм мен “География” сабагынан олимпиядага барган себебинен 140 балл алдым. Классташтарыма кааларым,бүтүрүүчүлөргө каалырым  чын ден-соолук,узун өмүр,буйруса 10 жылдыкта 20 жылдыкта жолугайлы”,- деп билдирди Калысбеков Кубанычбек.

Бүтүрүүчүлөрүбүзгө биринчиден ден-соолук, ак жол.  Келечектери кең болсун,  ойлогон ой максаттарына жетип жана көптөгөн ийгиликтерди каалайбыз.

Даярдаган: Айнуру Керимбаева.

Алып барган: Айнуру Керимбаева.

Сүрөттүн автору: Саадат Нуржан кызы.