«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

“Secom” билим берүү мекемеси

27 Июнь 2018 жыл 18:22
Көрүүлөрдүн саны: 69

“Билимдүү өсөт, билимсиз тозот” дегендей эле кыргызда жакшы макал бар. Билим алуу ар бир адамдын өзүнө гана көз каранды. Азыркы учурда көп эле ата-энелер балдарынын келечегин ойлошуп, ар кандай курстарга берип жатышат. Ошондой мекемелердин бири Secom  Талас

      sekom

интернеттен алынган сүрөт

“Secom” билим берүү мекемеси 20 жылдан бери өз кызматын көрсөтүп келет. Бул абдан билимге умтулган мекеме десек жаңылышпайбыз.

“Secom”дун директору Толубай Надыровдун айтымында:

“Secom  1998- жылы негизделген. Secom дун негизделиши Study English in computer  болуп  ачылган. Башында англис тил  жана компьютер үйрөтүү ошол максатта ачылып, ал эми 2010-жылы ошого кошулуп жалпы республикалык тестке даярдоо кошулган. Бизде англис тил, түрк тил, орус тил, менталдык арифметика жана ОРТ га даярдоо курстары бар”, — деп билдирди Толубай Надыров.

Эн алгачкы кадам мугалимден башталат дейт. Ушул жерде иштеген англис тил мугалими Адина Эшенкуловна балдар менен кандай кыйынчылыктар болоорун, кандай методго салып үйрөтөөрүн айта кетти.

“Чон балдарга караганда кичинекей жаш балдар бат үйрөнүшөт жана аларды илгерки жаттоо методуна салбай, жаны үйрөнүү методуна салабыз”, — деп билдирди Адина Эшенкуловна.

Ал эми ата-энелерибиз дагы Secom жөнүндө өз жакшы ойлорун калтырууда. Талас шаарынын тургуну Айдана Калысбекованын айтуусунда:

“Башка ата-энелерге мен ойлорумду калтырсам, Secom жакшы экен. Балдарын жөнөтүшсө эч жаңылышпайт. Балдары өздөрүнүн келечеги жана өздөрү алдыга умтулуп окушса деле болот”, — деп ыраазычылыгын билдирди Айдана Калысбекова.

Азыркы учурда  көп жаш досторубуз интернетке  гана берилбестен, англис тил курстарына дагы кызыгуусу пайда боло баштады. Алардын арасына кирген Кудайберген уулу Ислам.

“Менин атым Кудайберген уулу Ислам. Мен 16 жаштамын. Ушул Secom го келген максатым англис тилди үйрөнүп,  жакшы билип анан башка мамлекеттерде окуп,  жакшы университетке тапшырып жакшы окуу ушул менин тилегим. Азыр жакшы эле болуп жатат”, — деп айтты Ислам Кудайберген уулу.

Ар бир ата-эне өзүнүн баласынын келечегин жана аларды кайсы курстарга берсем жакшы болушат деп көпкө ойлонушат. Бирок кээ бир ата-энелер баласы жакшы үйрөнө албаса, ал окуп жаткан мекемени жамандашат. А чындыгында мындай нерсе баладан гана көз каранды.

Эскерте кетсек: Secom билим беруу мекемеси жайкы каникулга карабай иштеп келет.

 

Даярдаган: Нуржан кызы Саадат