«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Канализация түйүндөрү орнотулган жолдорго асфальт төшөлүүдө.

5 Июнь 2018 жыл 6:22
Көрүүлөрдүн саны: 44

Таласта канализация түйүндөрү өткөн жолдорго асфальт төшөлүүдө.Бул тууралуу Талас шаардык таза суу ишканасынын жетекчиси Эркинбек Камчыбеков билдирди.

      ZHol

“Талас шаарында ишке ашырылып жаткан ЕБРР банкы тарабынан каржыланып жаткан Талас шаарынын таза суу жана канализация түйүндөрүн реабилитациялоо долборунун негизинде 23840 таза суу түйүнү курулуп бүтүү алдында турат. Ошондой эле Талас шаарында 7450  канализация түйүнү курулуп бүтүп колдонулууда. Долбоордун алкагында таза суу кирген түйүндөр жайгашкан жолдорду оңдоп түзөө каралган. 2017-жылы шаардын Ч.Сатаев,Москвиченко жана Рыскулов көчөлөрүнүн казылган жолдору калыбына келтирилип, 1154 жерге жаны асфальт бастырылган. Бүгүнкү күндө бул долбоордун алкагында бузүлган жолдорду кайра калыбына келтирүү иштери Ч.Сатаев, Манас, А.Оторбаев, А.Турдалиев көчөлөрүндө жүрүүдө.

                 Даярдаган: Толгонай Тимурова.