Бакай -Ата районунун Саламаттыкты сактоо кызматкерлердин катышуусунда өтүүчү иш чара болуп өттү . Бул тууралуу аймактык кабарчыга №10 — Үйбүлөлүк дарыгерлер тобунун улуу мээрманы Акбермет Момункулова билдирди. Иш чаранын негизги максаты кыргыз тилин өнүктүрүү жана салым кошуу . Ошондой эле улуу жазуучубуздун жазган чыгармаларын да 90 жылдык маарекесине арнап аткарышты.
Ал эми Боо -Терек айылынын №9-үйбүлөлүк дарыгерлер тобунун мээрманы Энелер күнү майрамы да кошо белгиленгенин кошумчалады .
Анын айтымында үйбүлөлүк дарыгерлер тобу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата жана энелер күнүнүн майрамын дагы чогуу өткөрдүк. Иш чарага жылпы үйбүлөлүк дарыгерлер тобунан төрт командага бөлүнүп катыштык . Таймашта жазуучүбуздун чыгармаларынан үзүндү жана энелерибизге арнап ыр десте сундук. Жыйынтыгында ар бир командага белектер тапшырылып эң жакшы маанай менен аяктады деген ойлорун айтып өттү.
Даярдаган: Толгонай Тимурова.