«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Талас шаарынын казыяты маданият чөйрөсүндөгү адамдарга ифтар өткөрдү

31 Май 2018 жыл 5:57
Көрүүлөрдүн саны: 51

Ар бир жылдын бир кана айы баардык мусулмандар үчүн эң ыйык ай эмеспи. Рамазан айында орозо тутукан адамдын кылган күнөөлөрү кечирилип, тозок отунан сактанат деп айтылат. Бирок бир кана тозок отунан эмес мусулман адамдын кылган иштерине туура келбеген ыплас иштерден да сактай турган ай. Айтылат ко Рамазан айында кимде-ким орозо туткан инсандарыбыздын оозун ачырса анда бир канча сооп иштерди кылганга барабар деп, анысы карындай Талас шаарынын казыяты жана аты аталбаган биздин инсандарыбыз Талас шаарынын маданият чөйрөсүндө иштеген орозо туткан инсандарыбызды чакырып ооз ачырды, бул тууралу кененирээк маалыматка көңүл бурсак.

      Orozo

“Майрамбек уулу Нурсултан АДЕП-БАШАТЫ фондунда эмгектенем. Бул ооз ачыруу негизинен эле маданият чөйрөсүндөгү байке-эжекелерибизге арналган. Айымдарды Ташманбет-Ата кафесине ал эми мырзаларды Айдың-төр ресторанына чакырып ооз ачырдык. Ал эми ушул ооз ачыруунун демөөрчүлөрү аты-аталбаган биздин инсандарыбыз десем жаңылышпайм,”- деген сөздөрүн кошумчалап өттү.

“Мейман келе тургандай үйүңүдү, өлүм келе тургандай жүрөгүңдү таза тут”-демекчи биздин орозо туткан ыйымдарыбыз да келип өз ыраазычылыктарын айтышты.

“Мен Жусупова Моймол  Талас мамлекеттик Университетинде эмгектенем. Азыркы учурда биз Ташманбет-Ата кафесине ооз ачууга келдик. Биз жалпы аял заты эң биринчиден эле Адеп-Башатына ыраазычылык билдирмекпиз, себеби бул ооз ачырууну  ар бир жылда өткөрүп келет жана ошондой эле бир кана ооз ачыруу эмес ар кандай жетишпеген үй-бүлөлөргө социалдык жактан да жардам берип келе жатат,”- деген ойлорун айтып өттү.

Жогоруда айтып өткөндөй эле жалпы аял заты ыраазы болуп өз баталарын берип кетишти жана алардын арасынан дагы бир катышуучунун айтымында.

“Мен Насыйкат Курманбековна жалпы эле аял затынын атынан уюштуруучуларга ыраазычылыгымды билдирмекчимин жана орозо туткан инсандарыбыздын орозосу кабыл болуп тилеген тилектеринин кабыл болушуна тилектешмин,”- деп өз ыраазычылын билдирди.

Албетте урматтуу радиоугармандар биз дагы жогоруда айтылган сөздөрүн баарына кошулабыз жана туткан орорзоңуздар кабыл болушуна тилектешпиз.

                      Даярдаган: Толгонай Тимурова