«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Өрт коопсуздугу боюнча консультациялар өтүлүүдө

30 Май 2018 жыл 6:32
Көрүүлөрдүн саны: 53

Акыркы мезгилде болуп өткөн кемерова окуясынан кийин элдерге өрт чыккан учурда өзүн-өзү кандай алып жүрүү  жана кантип алдын алуу, өрт чыкканда кандай аракеттерди жасоо керек экендигин Талас шаардык өрт коопсуздугун көзөмөлгө алуучу өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмүнүн кызматкери Талас шаардык биргелешкен ооруканасында элдин саны көп болгондуктан консультация өткөрүүдө жана ошол тууралу бизге сөз кылып бермекчи.

      pozhar

“ Мен улук лейтенант Челетиров Мишель, өзүңүздөр билгендей эле акыркы учурдагы болуп өткөн кемеровадагы окуя баарыбызды капалантып жана ошонун негизинде апрель айынын баарын биз өрт коопсуздугун көзөмөлгө алуучу кызматкерлер баардык аймак-аймактарга консультацияны практика  жүзүндө көрсөтүп бердик. Өтүлгөн консультацияда биз өрт чыккан учурда өзүн өзү кандай алып жүрүү керек экендигин жана кантип алдын алуу керек жана өрт чыккан учурда кандай аракеттерди жасоо керек экендигин жогоруда айтып өткөндөй практика жүзүндө көрсөтүп бердик,”- деп өтүлгөн консультация тууралуу сөз кылып берди.

Албетте азыркы учурда кооптондурган имараттардын саны да жок эмес, ошондуктан ар бир адам коопсуздук үчүн эрежелерди билип жүрүүсү зарыл.

                         Даярдаган: Толгонай Тимурова