«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Кара — Буура райондук сотунда ачык эшиктер күнү болду

30 Май 2018 жыл 6:11
Көрүүлөрдүн саны: 48

Бүгүн, 2018-жылдын 28–майында Талас облусунун Кара — Буура  райондук соту Кара — Буура  районунун Кызыл-Адыр айылындагы Токтогул Бабанов атындагы лицей-интернатынын сегизинчи, тогузунчу, онунчу класстарынын   окуучуларына ачык эшиктер күнүн уюштуруп берди. Райондук сотунун судьясы Узак Ташматов конокторго соттун эшигинен баштап имараттын жайланышы, кеңсенин кабинети, сот жыйналышынын залдары, судьялардын, консультанттардын, судьянын жардамчыларынын жана сот жыйналышынын катчыларынын жумуш кабинеттери менен тааныштырды.

      Sot

Бөлүм башчысы Айман Манасбаева соттун аппаратынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттери жөнүндө айтып берди. Ошондой эле окуучулар жарандык ишти кароо боюнча ачык сот отурумуна угуучу катары катышышты.  Мындан тышкары, судья Узак  Ташматов иш чаранын катышуучулары менен укук таануу жаатында маек куруп, өзүнүн насааттарын айтты.

Белгилей кетчү нерсе, аталган иш чаранын максаты жаш муундардын укуктук маданиятын көтөрүү, сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн, ошондой эле жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатуу болуп саналат.

Окуучулар өз кезегинде, четте калбай маектешүүгө жигердүү катышып, жарандык – укуктук жөнгө салуу жаатындагы үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу, эмгек мыйзамдары жөнүндө, ошондой эле соттордун ишмердүүлүгү боюнча суроолорун беришти.

Иш чаранын соңунда фемида өкүлү  окуучуларга лицейди  аяктагандан соң ийгиликтүү окуу жайларга өтүшүн каалап кетти.

День открытых дверей в Кара-Бууринском районном суде

Сегодня, 28 мая 2018 года, Кара-Бууринский районный суд Таласской области организовал день открытых дверей для учеников восьмого, девятого, десятого классов Лицея-интерната имени Токтогула Бабанова в селе Кызыл-Адыр Кара-Бууринского района.

Судья районного суда Узак Ташматов встретил гостей у парадного входа здания суда и показал старшеклассникам кабинеты судей, канцелярии, консультантов, секретарей судебного заседания и зал судебных заседаний.

Заведующая отделом Айман  Манасбаева рассказала учащимся о служебных обязанностях работников аппарата суда. А затем ребята приняли участие, в качестве слушателей, в открытом судебном заседании по рассмотрению гражданского дела. Кроме того, судья У. Ташматов провел беседу с участниками мероприятия в области права и дал им свои наставления.

Необходимо отметить, что целью данного мероприятия является поднятие уровня правовой культуры молодого поколения, повышения доверия граждан к судебной системе, а также доступности правосудия.

Ученики, в свою очередь, активно участвовали в беседе, задавали вопросы, касающиеся гражданско-правового регулирования в области семейных отношений, трудового законодательства, а также вопросы о работе судов.

В завершение мероприятия служитель фемиды пожелал ребятам исполнения всех желаний, реализации смелых идей и проектов и после окончания лицея успешного поступления в учебные заведения.

 

Назгуль Кулушева,

пресс-секретарь Таласского областного суда