«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Кайрымдуулук концерт

29 Май 2018 жыл 6:09
Көрүүлөрдүн саны: 45

Албетте азыркы учурда жардамга муктаж адамдардын саны аз эмес. Бүгүнкү күндө жардам берүү ар бир эле адамдын колунан келе бербейт, бирок ага карабастан Талас шаарынын ИСИТО колледжинин студенттери демилге көтөрүп Жардам Талас аттуу уюм ачып жетишпеген, аз камсыз үй-бүлөлөргө азык-түлүк менен жана материалдык жактан көп жардам бере албаса дагы маралдык жактан ден-соолугунан жабыр тарткан адамдарга жардам берип келүүдө. Ал эми азыркы учурда Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектепте Жардам Талас уюму кайрымдуулук концертин уюштуруп түшкөн каражатка интернаттагы балдарга ачык саат өтүү менен бирге белек-бечкектер менен кичине да болсо жүздөрүнө күлкү тартуулап, ал эми калган каражатка Рамазан айында орозо туткан инсандарыбыздын оозун ачырып жардам берүу максатында өткөрүп жатат.

      zhardam-talas

“Мен Талгат кызы Жылдыз азыркы учурда ИСИТО колледжинин информатика сабагынан мугалими болом. Кайрымдуулук концертти биз ачылгандан бери экинчи жолу өткөрүп жатабыз. Ал эми белет баасы 50 сомдон, түшкөн каражатты мурдагыдай эле интернаттагы балдарга белек берип жана ооз ачырайын дегенбиз. Бизди колдогон спонсорлор деги эле жокко эсе жана дагы да болсо биздин Москвада иштеп жүргөн жаштарыбыздын кээ бирлели миң, эки миң сомдон которду,”- деп өз ойун айтып өттү.

Жогоруда айтып өткөндөй эле Жардам Талас уюмунун курамы ИСИТО колледжинин студенттеринен түзүлгөн жана ИСИТО колледжинин студентинин айтымында:

“ Мен Тогонбаева Эркайым ИСИТО колледжинин студенти болом. Бул болуп өткөн концерттин катышуучулары Жардам Талас уюму жана жардам берем деген Таластын таланттары. Жардам Талас уюму ачылгандан бери көптөгөн кырктан ашуун үй-бүлөлөргө азык-түлүк жана кийим кече менен жардам бердик ал эми кайрымдуулук концерттен түшкөн каражатка дагы көптөн жакшы иштерди кылабыз деген үмүттөмүн,”- деген ойлорун кошумчалап өттү.

ИСИТО колледжинин студенти Тогонбаева Эркайым айтып өткөндөй эле Жардам Талас уюмуна каалочулар катталып жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтсө болот. Бирок бир кана материалдык жактан эмес мисалга алсак Талас шаарынын тургуну 1-класстын окуучусу да өз өнөрү менен кайрымдуулук концертке катышып кичине да болсо өз салымын кошту десек жаңылышпайбыз.

“Мен Нурканов Нурсултан Жардам Талас уюмунун мүчөу болом. Мен бул кайрымдуулук концертте комуз чертип Манас айтам, мен дагы жетишпеген үй-бүлөлөргө жардам бергим келет,”- деп айтып өттү.

“Көп түкүрсө көл болот,

Көл толкуса сел болот.”- демекчи Жардам Талас уюму каалаган  адамдарды жаш курагына карабай кабыл алат. Ал эми дагы бир кошумчалай кетчү нерсе инстаграм баракчасындагы jardam_talas аттуу  баракчасына тиркелип өз салымыңыздарды кошсоңуздар болот.

                    Даярдаган: Толгонай Тимурова