«Дени сак улут өнүгүп жаткан өлкө » урааны астындагы спорттук мелдеши өтүүдө . Бул тууралуу аталган райондук админстрация тарабынан билдиришти ..
Мында мыкты деп табылган ордо , кол күрөш , жеңил атлетика , тогуз коргоол ,футбол ,күрөш , волейбол боюнча мыкты оюнчулар тандалып ,алдыда Ысык-Көл облусунда өтүүчү Республикалык турда Талас облусунун атынан барышмакчы ..
Оюндун жыйынтыгы менен Бакай-Ата району жалпы 18 упай топтоп облус боюнча 1-орунга жетишти . Ал эми 20 упай менен Талас районунун жалпы командасы күмүш ..Кара-Буура командасы 24 упай менен коло орунду багындырса , Манас району 37 упай менен жеңилүү ызасына кабылышты.. Ал эми Бакай-Ата районунун мелдештеги оюн түрлөрү менен бөлүп карасак ,улуттук күрөштөн ,таяк тартыштан , тогуз коргоолдун эркектер тайпасы биринчи орунду алышты . Кол күрөш ,волейбол аялдар тайпасы, тогуз коргоол аялдар тайпасы жана жеңил атлетикадан 2-орунга илиништи .. Ошондой эле жөө күлүктөрдө Талас району 1-орунду ээледи .Ордо жана волейболдун эркектер тайпасынан Бакай-Ата району 3-орунга ээ болушту .
Даярдаган: Толгонай Тимурова