«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

«PIXEL»- сүрөтканасында арзандатуулар бар

21 Май 2018 жыл 6:07
Көрүүлөрдүн саны: 18

Албетте азыркы учурда 25-май жакындап келе жаткандыктан ар бир мектеп бүтүрүүчүсү сүйүнүп, бир жагынан кайгырып жана жашоонун туура нугун табып кетүүгө аракет жасап жаткан кез. Ошол эле мезгилде мектепти аяктап жатканда бирге окуган классташ балдары менен бирге кете албаса дагы, алар менен бирге түшкөн бир элес катары сүрөтканалардан виньеткага буйрутма беришет эмеспи, жана азыркы учурда  Талас шаарынын сүрөтканаларында кандай арзандатуулар же деги эле кандай ыңгайлуулуктар бар экендигин бизге “PIXEL”- сүрөтканасынын мүдүрү айтып бермекчи:

      foto-piksel

Мен Аскат Тургунбеков аыркы учурда “PIXEL”- сүрөтканасын иштетем. Негизинен эле айта турган нерсе бизге виньеткаларга буйрутма түшкөн күндөн тарта төрт күндүн ичинде даяр болот. Ал эми биздин тарткан сүрөтттөр окуучуга жакпай калса анда кайрадан барып тартып же өзү жактырган сүрөттү коюп беребиз. Ал эми бизде албетте арзандатуулар бар, мисалга алсак бир класстан жетишпей жашаган үч окуучуга бекер же кандайдыр бир арзандатуулар менен беребиз. Ал эми эжекелерине дайыма бекер болот.

Азыркы учурда Талас шаарында сүрөтканалар да аз эмес, бирок ошетсе да сүрөтканалар буйрутма алганга да жетишпей калган учурлар кездешет деп кошумчалап өттү Аскат Тургунбеков.

                  Даярдаган: Тогонай Тимурова