«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Талас районунун Айдралиев орто мектебинде турнир болуп өттү

10 Май 2018 жыл 7:00
Көрүүлөрдүн саны: 37

Талас районунун Көпүрө — Базар айылынын Айдаралиев орто мектебинде Улуу Ата Мекендик согуштун 73-жылдыгына карата маркум Рысбек Айдаралиевтин жаркын элесине арналган Эл аралык турнир болуп өттү. Бул туурасында аймактык кабарчыга Талас районунун спорттук машыктыруучусу Байсейид Бейшекеев билдирди.

      Kurosh

Бул мелдешке Республиканын бардык аймактарынан Казахстан Республикасынан жалпы 380 спортсмен катышышты. Жыйынтыгында жалпы 14 спортсмен чемпиондуулукка чыгышып медал жана дипломдор менен сыйланышты. Дагы бир жолу кошумчалай кетсек Рысбек Айдаралиевтин уулдары, район жетекчилери, айыл тургундары демөөрчүлүк кылды дейт Байсейид Бейшекеев.

Ал эми биринчиликти жалпысынан 14- катышуучу багындыра алды, айта кетсек Бишкек шаарынан беш катышуучу.

Талас шаарынан алты катышуучу.

Казахстандан  үч катышуучу жеңишке жете алышты.

Ал эми экинчи орунду Нарын облусунан эки катышуучусу багындырса, үчүнчү орунду Жалал-Абад облусунун бир катышуучусу багындыра алды.

Даярдаган: Толгонай Тимурова