«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Жаштарга мурас

27 Апрель 2018 жыл 10:57
Көрүүлөрдүн саны: 66

Талас  шаарындагы жетимиш жети жаштагы Эсен Исакованын экинчи жыйнагы бир кана Талас шаарына  эле эмес, Кыргызыстандагы бүткүл элдин көңүлүн алган “Арыбайт,турмуш сапары..”-аттуу китеби жарыкка чыгууда.

      ZHashtarga-muras

«Арыбайт, турмуш сапары…» -аттуу китептин автору Эсен Исакова. Бул китеп Эсен Исакованын экинчи жыйнагы болуп саналат жана ошондой эле китептин өзөгүн  адам баласынын турмушундагы өмүр жана өлүм, жакшылык менен жамандык,туруксуздук,ач көздүк жана мерездикке каршы турган адамгерчилик,кайрымдуулук,ыйман жана мээримдүүлуктүн тагдыр сынагындагы ээлеген орду,мааниси насыйкаттаган эскертмелери,ой толгоолору,туулган жерге,Ата-Журтка,суйуктүү адамдарына багытталган ырлары түзөт. “Арыбайт,турмуш сапары…”-аттуу китептин авторунун айтымында:

Мен Эсен Исакова, 1941-жылы туулгам.  Көп жылдар бою автобекетте кассир болуп эмгектенгем. Чыгармачылыкка болгон кызыгуум мурда эле пайда болгон, бирок мен жазуучуларды башкача элестетип ичимдеги ырларды сыртка чыгарбай жүрө бердим,ошентип көп жылдар бою мен ыр жазбай үй тиричилиги менен алектенип бир жыйырма жылдай жазбай калдым. Бирок баары бир ичимден бир нерсе тынчсыздантып бул жашоого бир нерсе калтыргым келди,анан ошентип ырларымды ачыкка чыгардым.  Китеп жаздым көрдүм, көрсө болот экен да,ал эми “Арыбайт,турмуш сапары…”-аттуу китебим экинчи жыйнагым,алдыда  дагы бир китеп чыгарам деген ойлор бар. Бирок мен азыр кара сөзгө басым жасап жатам”- деп кайрылды Эсен Исакова.

Эсен Исакованын “Арыбайт,турмуш сапары…”-аттуу китеби көп адамдардын жүрөгүнөн орун алган, алардын бири Тынышов Жапар кененирээк бизге айтып бермекчи.

“Мен Тынышов Жапар биз бул жерге көчүп келгенибизге он жети жыл болду ошондон бери мен Эсен Исакаованы жакшы тааныйм,мен кошуна катары эже жөнүндө бир да жаман сөз айта албайм, себеби мен таанып билгенимден бери Эсен эженин оозунан бир жаман сөз уккан жокмун бир гана акыл-насаат айтчу,бул эже абдан назик,дили таза абдан жакшы инсан.Эми чыгармачылыгы жөнүндө айтып өтсөм эженин ырлары мазмуунду,мааниси өтө терең,Эсен Исакова эженин ырлары жаштар үчүн да сабак катары жана тарбиялоочу ырлар болуп саналат мындайча айтканда бул ырлар “жаштарга мурас”- деп эсаптейм.”-деп кайрылды Тынышов Жапар.

Жогоруда айтылгандай эле Эсен Исакова эженин экинчи жыйнагы тууралу анын кызы Динара Исакова айтып бермекчи.

“Мен Динара Исакова, Эсен Исакованын кызы болом, кызы катары  албетте апамды жакшы апа деп айтам. Чыгармачылыгы жөнүндө айтсам апамдын ырлары абдан маанилүү жана ырларынын көбү турмуштан алынган жана ошондой эле бизге арнап жазган ырлары да аз эмес. Апам өзү чыгармачылыктан  тышкары гүл өстурүүгө да абдан кызыгат десем чаңылышпайм.

Эскерте кетсек: Эсен Исакованын бүгүнкү күндө эки китеби жарык көрсө, алдыда дагы бир китеби чыкмакчы.

    Даярдаган: Айтурган Жаңыжылбек кызы.

    Алып барган: Айтурган Жаңыжылбек кызы.

    Сүрөттүн автору: Айтурган Жаңыжылбек кызы