«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Талас шаарынын эс алуу паркы жаңыланууда

27 Апрель 2018 жыл 7:29
Көрүүлөрдүн саны: 111

Талас шаарынын борбордук паркын жарыктандыруу үчүн 1 000 000 сом өлчөмдөгү акча-каражаты которулган. Азыркы учурда теректер кайрадан отургузулуп, алдыда жарыктандыруулар жана ролик үчүн жол орнотулмакчы.

      Esaluu-parky

Албетте борбордук парк кароого муктаж болуп турган кезде жарыктандыруу жана жашылдандыруу, көрктөндүрүү киргизилмекчи, жана бул тууралу дагы кененирээк маалыматты Талас шаарынын вице-мэри Дамирбек Сагынбековичтин айтымында.

“Азыркы учурда паркты жаңылантуу үчүн 1 000 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Бүгүнкү күндө эсчки теректер кыйылып жаңы көчөттөр отургузулуп таштандылар үчүн уруналар көюлууда. Дагы бир айта кетчү нерсе Талас шаарыныын борбордук паркына ролик тебүү үчүн жол да салынмакчы,”- деп өз оюн билдирип кетти.

Бул өзгөрүүлөр жашоочуларды айрыкча кичине балдарды да кубандырды. Бул тууралуу кененирээк маалымытты Чолпонкулова Кундузтун айтымында.

“Талас шаарына келе элегиме аз кана жыл болсо дагы биздин Тала шаарыбыздын борбордук паркына жаң өзгөрүүлөр киргенин байкадым. Айта кетсем мурунку учурларда таштанды таштоо үчүн уруналар жок болчу жана эс алууга мүмкүнчүлүк да аз болчу десем жаңылышпайм. Ал эми азыркы учурда эс алганга ыңгайлуу болуп жана тазарып калыптыр,”-деп билдирип кетти.

Жайдын ысык аптабында кечки салкында өз балдарыбызды  ойнотууга жакшы ыңгайлуу шарттар түзүлдү деген ойду да  ата-энелер да кошумчалап өттү.

 

“Мен Улсана Чыпыйевна  акыркы мезгилдерде паркттын өзгөрүшү абдан жакты. Себеби Талас шаарында балдарды ойнотуучу жерлер аз, ошондуктан биздин сейил парктын өзгөрүп жаңы курулуштар курулуп жаткандыгына өтө кубанычтамын,”- деген ойлорун кошумчалады.

Жогоруда айтып өткөндөй эле Талас шаарынын борбордук паркынын өзгөрүшү ушу менен токтобой алдыда дагы чоң максаттар бар деген сөздөрүн Талас шаарынын вице-мэри кошумчалады.

                     Даярдаган: Толгонай Тимурова.

             Алып барган: Толгонай Тимурова.

      Сүрөттүн автору: Толгонай Тимурова