Кызыл Ай коомунун демилгемси менен Теңир Колдо реабилитациялык борборуна жаңы имарат салынып берилди. Демөөрчүлөр Кыргызстандагы Кызыл Ай, Кызыл Чырым коому жана МЧС, ошондой эле жергиликтүү тургундар дагы өз салымын кошушту.
Теңир Колдо центринин жетекчиси Аблумалик Акматовдун айтымы боюнча,Теңир Колдо реабилитациялык центри 2009- жылы ачылган. Ошол убактан бери Теңир Колдо борборунан жүздөн ашык бала социалдык реабилитация алып өткөн.Ал эми азыркы учурда он беш бала социалдык реабилитация алып жаткан учуру.
“Буга чейин имараттын таардыгынан биз он беш баладан ашык ала албасак, ал эми азыр Кызыл Ай коомунун жардамы менен мындын ары дагы мумкүнчүлүгу чектелген балдарга социалдык реабилитация берүүгө даярбыз”,-деп кайрылды Абдумалик Акматов.
Ушул борбордогу тарбия алып жаткан баланын апасы Мээркан Жоробекова, Кызыл Ай коомуна абдан чон рахмат билдирди. Биз ушундай имаратка абдан муктаж элек. Мен Таластагы ушул долбоорду колдогон адамдарга ыраазымын. Эми мындан ары да ушундай адамдардын көп болушун каалайм.
“Эми ушул балдар үчун мугалимдер жетишпейт деп ойлойм. Себеби балдардан алынган төлөм мугалимдердин айлык маянасын төлөөгө жетишсиз.Биздин бирден-бир суранычыбыз ушул борборго айлык маянасы ченелүү болсо да мугалимдер келсе деп ойлойбуз. Андан тышкары даарыгер логопед болсо абдан жакшы болоор эле.Биздин мамлекет ушундай өзгөчө балдарга кам көрсө биз аябай ыраазы болот элек”,- деп өз оюн айтты Мээркан Жоробекова.
Даярдаган: Бегимай Темирбекова, Айтурган Жаныжылбек кызы, Арууке Ударникова
Алып барган: Толгонай Тимурова
Суроттун автору: Айтурган Жаныжылбек кызы