«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Талас шаарындагы агро-көргөзмөсүнө төрт жыл

23 Апрель 2018 жыл 6:41
Көрүүлөрдүн саны: 49

 Талас шаарында агро-көргөзмө болуп өтту. Бул агро- көргөзмө  Таласта төрт жылдан бери болуп келет, жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык маселелер боюнча орун басары Азият Шаболотовнанын жана Талас тургундарынын катышуусунда болуп өттү.

      ZHarmanke

Азият Шаболотовнанын сөздөрүнө караганда бул агро-көргөзмө Талас шаарына бир кана төө-буурчак эмес, дарылык касиети зор чөптөрдү өстүрсө болоорун тургундарга билгизип, жана баары бири-биринен көрүшүп үйрөнсүн деген максатта уюштуруп жатабыз.

“Бул жерде негизинен бир кана Кыргыз Республикасынан эмес Москвадан келген дары чөптөр жана асыл тукумдуу малдардын көргөзмөсү болуп жатат”,-деген ойлорду айтып өттү Азият Шаболотовна.

Жогоруда  айтып өткөндөй эле жерге жазында керектүү жер семиткичтер жана дарылык касиети зор уруктар сатылып жаткандыктан агро-көргөзмөсүнүн сатычуусу Эркайым да өз оюн билдирип кетти.

“Бүгүнкү болуп жаткан жарманкеге жер семирткичтерди алып чыктым, жана катышуучулар абдан ыраазы”,- деп билдирди жарманкенин сатуучусу Эркайым.

Албетте  жарманкенин болуп жатканы баардык тургундарды кубандырды, жана жарманкенин катышууулары кызыктар болгон суроолоруна жооп ала алышты.

“Мен Манас районунун тургуну Мээрбек Кутманалиев. Бугункункудөй жарманкелер болуп турса абдан жакшы болмок, себеби мага өтө чоң таасирлерди калтырды десем жаңылышпайм”,-деген ойлорун кошумчалады.

             Даярдаган: Толгонай Тимурова