«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Таластыктар жолдордогу суу түтүктөрүн орноткондон кийинки жолдорду калыбына келтируу абалына нааразы

21 Апрель 2018 жыл 12:23
Көрүүлөрдүн саны: 53

Бул суу түтүктөрүн орнотуу Талас шаарынын тургундарына жакканы менен тоскоолдуктар абдан коп. Себеби казылган жолдор кайрадан калыбына келтирилген жок. Талас шаарынын Бердике Баатыр көчөсү менен Маяковский көчөлөрүндө жүрүп жаткан суу түтүктөрүн орнотуу иши 9-майга чейин аяктоосу зарыл.

      vodo-provod

Суу түтүктөрүн орнотуу боюнча бригаданын кызматкери  Азизбек Таласбек уулунун айтымында бул суу түтүктөрүнун орнотулушу 9-майга чейин бүтурүлүүсү зарыл.

“Курулуштун башталганына бир жума болду, ал эми жолдун толук асфальттап бутурулушу июнь, июль айларында аяктайт”, — деген ойлорду билдирди Азизбек Таласбек уулу.

Талас шаарынын тургундары бул суу түтүктөрүн орноткондон кийинки абалга өтө нааразы жана бул тууралу  Талас шаарынын тургуну Дүйшеев Жолчу да бул сөздөрду белгилеп кетти.

“Бул суу түтүктөрун орноткону жакшы, бирок жолдорду казып кеткенден кийин кайра калыбына келтирилбейт. Ал эми казылган жерлерге  топурак төшөгөндөн кийин, жер  чөгүп  машиналардын өтүүсүнө тоскоолдук жаратып жатат. Ошондуктан иш аягына жеткенден кийин жолдорду кайра түздөп коюшса жакшы болмок”,- деп билдирди.

Бул сөздөргө дагы  Таластын тургуну Мээрим кошулуп жана өзүнүн жеке ойлорунда, мындан бир-эки жыл мурун жолдорду асфальтоо иши аяктаган. Ал эми азыркы учурда кайрадан ал жолдорду кесип суу түтүктөрүн орноткону менен жолдор калыбына келтирилбей калууда.

“Менин жеке оюм боюнча биринчи суу түтүктөрун орноштуруп, андан кийин асфальт төшөсө болмок. Себеби бизге жолдордо жүрүүгө абдан чоң тоскоолдук жаратып жатат. Ал эми ГОВД жактагы көчөлөрдө 2017-жылы ушунтип суу түтүктөрүн орнотуп,  эч кандай түздөтүлбөй жана үстүнөн асфальт төшөлгөн эмес. Азыркы убакта ал жердеги көчөлөр чөгүп, машина өтүүгө мүмкүн болбой жатат жана азыркы казылып жаткан көчөлөр дагы ушундай абалда калабы деген ойдомун”, — кошумчалап кетти Мээрим.

Материалдын авторлору: Толгонай Тимурова жана Бегимай Темирбекова.

Сүрөттүн автору: Толгонай Тимурова.