«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Кол өнөрчүлүк менен жаштарды тарбиялоо

13 Апрель 2018 жыл 9:01
Көрүүлөрдүн саны: 114

Албетте,  Кыргыз эли илгертеден эле ар бир сөздү таамай айткан, чебер уста жана айымдардын колунан көөрү төгүлгөн ууз болушкан.  Мына бүгүнкү күндө да кыргыз элинин салт-санаасы, үрп адаттары жана ар бир кийимди кооздо үчүн колдонулган, же бир окуяны баяндаган саймаларыбыз алигиче унутулбай сакталып келет. Ошону менен ката эле бүгүнкү күндө кол эмгек сабагынан жана кыргыз кыздарын сайма саюуу жана кийизди колдонуу тууралу кошумча сабак өткөн айымга кезекти берсек.

      Kol-n-r....1

Мен Давлеталиева Жазмира Акылбековна 1978-жылы Кара-Буура районунун Бакайыр айылында туулгам .  Орто мектепти аяктаган соң 1995-жылы Бишкектеги С. Чокморов окуу жайына тапшырып , саймачы, килем токуучу кесипти алып чыккам.  Кийин Талас районунун Көпүрө- Базар айылына келин болуп келгем.  Учурда Р. Айдаралиев орто мектебинде сүрөт жана кол эмгек сабагынын мугалими болуп эмгектенип жатам .  Эмгектенүүдөн тышкары кол өнөрчүлүк боюнча окуучу кыздарга ийрим өткөрө Жумасына  3 күн келип кийиз боюнча сабак алып кетишет . Андан тышкары өзүм көрсөтмөлөргө чыгып ,иш каналарга катышып келе. Мен кийиз менен сайма сайып баштаганыма 2 жылдын жүзү болду. Ошондой эле «Элечек долбоорунун мүчөсү болуп келем . Элечекти ар ким  ар кандай ыкма менен жасайт эмеспи, а мен болсо  ийненин ыкмасы менен жазап чыгам . Бир элечек жасоого 23 метр ак кездеме кетет . Кездеменин метрин 100 сомдон сатып алам.  Ал эми сатыла турган баасы 3000, 4000 миң сом болот.

Келечекте бизден кийинки муундарга кыргыздын кол өнөрчүлүгүн унутта калтырбай , эски менен жаңыны айкалыштырып иштөө менен бирге эмгектенген айым бүгүнкү күндө төрт баланын энеси.

           Даярдаган: Толгонай Тимурова