«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Япон тилин үйрөтүү Таласта

12 Апрель 2018 жыл 6:18
Көрүүлөрдүн саны: 34
      YApon-tili_2

“Билим ийне менен кудук казкандай”-  дегендей эле азыркы учурда билимиң болсо каалаган окууга же жумушка иштеп, чет өлкөлөрдү да кыдыра аласың. Ошону менен бирге эле чет тилдерди үйрөнүү да бүгүнкү күндө чоң ролду ойнойт эмеспи. Бирок азыркы учурда чет тилдерди үйрөнүү менен бирге эле өз эне тилин көмүскөгө калтырып коюууда туура эмес. Мисалга алсак Талас шаарындагы “Баластан” балдарга билим берүү борборунда Япониядан келген мырза кыргыздарга япон тилин үйрөтүп эмгектенүүдө. Ал эми бүгүнкү күндө Кыргызстанга Япониядан  конок чакырып балдар менен тааныштырууда.

Менин атым Хиде. Мен Кыргызстанга Япониянын Токио шаарынан келдим. Мен ал жакта устачылык менен алектенем. Кыргызстанга келгенимдин бирден бир себеби бул кыргыз элинин меймандостугу жана абасынын тазалыгы абдан жагат, жана Япондор үчүн Кыргызстан өтө эле таанымыл өлкө.

Ошону менен бирге Япон курсунун окуучулары да Хиде менен таанышкандарына өтө кубанычта.

Мен Толгонай Тимурова Талас шаарындагы Абжалбек Чолпонкулов атындагы №1 жалпы билим берүүчү орто мектебинин 10 Б классынын окуучусу болом. Мага Япон тили башка тилдерден кандайдыр бир өзгөчөлүктөрү менен айырмаланып тургандыгы жагат, жана негизги максатым чет тилдерди үйрөнүү. Ошондуктан мен азыркы учурда Талас шаарындагы “Баластан” балдарга билим берүү борборундагы Япон курсуна катышып жатам . Мен башында келгенде кыйналгам жана ошону менен бирге  кызыгуум да бар болчу. Ал эми азыркы учурда баары жакшы , биз бул жактан бир гана Япон тилин үйрөнүү менен чектелбестен Япониянын маданияты, салты менен же жалпылап айтканда Японияда эмне болбосун ошонун баары менен таанышып чыгыбыз. Биздин мугалимибиз Татцуосан бизге Япон тилин үйрөтүү менен чектелбестен Япониядан келген туристер менен тааныштырып, алардын сабактарына катыштырып, сүйлөшүү эрежелерин үйрөтөт.

Негизинен эле азыркы учурда чет тилдерин өз тилиндей билүү да өтө керек. Себеби чет өлкөлөрдү кыдыруу, билимиңди тереңдетүү бул ар бир адамдын максаты болсо керек.

            Даярдаган: Толгонай Тимурова