Талас районунун Беш –таш айылынын Мейилкан Козубекова атындагы орто мектебинин 9 б классынын окуучулары шахматтан, спорттук оюндардан, маданият тармактан көп ийгилик жаратышууда.
Мен Төлеева Замира Мейилкан Козубекова атындагы орто мектебинин директору болуп эмгектенип келем. Бул биздин мектепте алдыңкы класстардын катарына кирген 9 б класс болуп эсептелет. Атап кетсек шахмат боюнча Кудайбергенов Бексултан 10 Азия чемпионундугунда экинчи орунду камсыз кылды . Кино тармагында өзлөрүнүн жоопкерчилиги менен иш алып барышкан Кожошов Эржан жана Чолпонбай уулу Сыймык “Агаларым” — кино тасмасына тартылышты . Күрөш боюнча Туралбеков Эрлан көптөгөн ийгиликтерди жаратууда Чолпонбайев Сыймык интеллектуал мырза кароо сынагына катышып 28 мектептин ичинен 2 орунду ээледи жана 9 б класс мектептеги конкурстарда алдынкы орундарды багындырып келет
Ал эми 9 б классынын ата энелер камитетинин бири Гүлмайрам Оморбекованын айтымында.
Мен Оморбекова Гүлмайрам Чолпонбай уулу Сыймыктын апасы болом, ушу 9 б классынын ата энелер камитетинин мүчөсүмүн . Мен ушу 9 б классты эң алдыңкы класс деп эсептейм, себеп дегенде бул жакта таланттанда спорт жана маданият, окуу жагынан ийгилик жарататышкан окуучулар көп. Биз ушул класс менен сыймыктанабыз, мындан аары өзүшүнө бардык ата энелер өз салымдарыбызды кошуп, ар бир жактан колдоп келебиз.

Ошол эле класстын окуучусу Туралбеков Эрлан грек рим күрөшү боюнча көп ийгилик жаратып келүүдө.
Беш жылдан бери мен грек-рим күрөшү боюнча машыгып келем, көптөгөн ийгиликтерди жаратып жатам, менин классташтарым мени менен сыймыктанышат. Мен классташтарым менен сыймыктанам аткени биздин класста актер, ырчы, азия чемпиондугунда орун алган досторум бар, жана ошондой эле мектептеги жана райондук конкурстарда биздин класстан көп окуучу барып ийгилик жаратып мектептин намысын коргоп келишет.

Ишиңиздерге ийгилик 9 б класс көп ийгилик жаратып мектептин желегин желбирете берсин!
Даярдаган: Толгонай Тимурова