«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Талас шаарын жашылдандыруу

2 Апрель 2018 жыл 10:40
Көрүүлөрдүн саны: 95

Талас шаарынын сейил паркында бүгүнкү күндө эски бак – дарактар кыйылып, жаңы көчөттөр отургузулуп жатат.

      ZHashyldandyruu-1

   Мен Талас шаардык мэриянын турак жай комуналдык чарба иштеринин башкы адиси Жээнбеков Руслан. Бизге жашылдандыруу боюнча үч айлык ишембилик жарыяланып, бүгүнкү күндө үч айдын алкагында үч жолу ишемби күндөрү мекемелер тарабынан ишембилик өткөрүлдү.  Борбордук сейил паркка жалпысынан 1600 көчөт отургузулду, алардын арасынан көк терек 151, кайың 391. Учурдан пайдаланып шаар тургундарынан суранмакчымын өз жааматтары менен биригип ишемби күндөрү өз айлана чөйрөсүн тазалап турушса.

Албетте ар бир адам өз шаарын өз жүзүндөй көрүп таза кармаса, анда биздин шаарыбыз гүлдөп өсмөк.  Азыркы учурда биздин сейил паркты бир кана мерия тарабы эмес Талас шаардык агрардык эканомикалык колледждин студенттери да ишебилик уюштурушуп тазалоодо.

Мен Майрамкүл Өмүржановна азыркы учурда ишебиликти студенттер менен өткөрүп жатабыз. Менин оюмча ушул тазаланып жаткан шаар ар бир адамдын купулуна толот.

Жогоруда айтып өткөндөй эле Талас шаарына бир кана кайың көчөттөрү эмес, жакынкы арада гүлдөр да тигилмекчи.

        Даярдаган: Толгонай Тимурова