«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Жардам Талас жаштар уюму

30 Март 2018 жыл 6:19
Көрүүлөрдүн саны: 44

 Талас шаарында жаштардан куралган  «Жардам Талас» аттуу уюм түзүлүп, бүгүнкү күнгө чейин  аз камсыз үй-бүлөлөргө , ден — соолугу жагынан жабыр тарткан адамдарга азык – түлүк менен камсыз кылып жана азыркы учурда Талас шаарынын  Эшим Кутманалиев атындагы стадионунда жаштарды чогултуп оюн уюштурушууда.

      ZHardam-Talas

Мен Талгат кызы Жылдыз ИСИТО колледжинде информатика сабагынан жана менталдык арифметикадан жаш балдарга сабак берем.  Биз бул убакытка чейин көптөгөн иш чараларды уюштуруп келгенбиз, жана бүгүн студенттер менен мектеп окуучуларды чакыргып  оюн уюштурганыбыздын себеби бул Таластагы тогуз мектеп менен сепат, лицей окуучуларынын арасында  ынтымакты бекемдөө. Учурдан пайдаланып дагы бир Талас элине кайрылуу жасап өтөйүн: Мүмкүн болсо биздин инстаграмдагы Жардам Талас аттуу баракчабызга жазылып, болгон сунушуңуздарды же жардам катарында кийим же акчлайбы жардам берүүңүздөрдү өтүнөөр элек.

 

Албетте бул Жардам Талас уюуму уюштурган оюнга Талас шаарынын мектеп окуучулары жана студенттер катышышты, жана катышуучулардын бири Элнуранын айтымында:

Мага абдан жакты, себеби өтө эле кызыктуу оюн болду. Мен бул жакка курбу кыздарым, сиңдим болуп келгенбиз. Алдыда дагы ушундай иш – чаралар болуп турса эң жакшы болмок эле.

Негизинен эле жогоруда айтылгандай бул иш – чара ар жуманын бир күнүн белгилеп Талас шаарындагы стадиондо өтмөкчү.

          Даярдаган: Толгонай Тимурова