«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Жол кыймылын көзөмөлдөө

29 Март 2018 жыл 6:42
Көрүүлөрдүн саны: 17
      Gai-kyzmatkerleri

   Талас облусунун ЖКККБ бөлүмүнүн кызматкерлери жана Талас университетине караштуу колледжинин автомобильдик техникалык тейлөө адистигинин студенттери менен биргеликте “ Пешеход”, “Абайлагыла балдар” аталыштагы рейд өткөрүлүүдө.  

Бул рейдтин өткөрүлүп жаткандыгынын бирден —  бир себеби жөө жүргүнчүлөр жол эрежесин көп бузуп  жана айдоочуларга тыгым жаратып жатканына байланыштуу  өтуп жатат. Бул рейддин  негизги максаты жөө жүргүнчүлөргө жолдо жүрүү эрежесин жана этикасын уйрөтүү,  жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу.   Бул тууралу дагы кененирээк маалматты Талас облусунун жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын тескөөчүсү жана милициянын кенже лейтенанты Сабит Оморбековтун айтымында:

Биз бул убакытка чейин Потрулдук милиция башкы башкармалыгы менен иш алып барып келсек, бүгүнкү күндө өкмөттүн 734 токтомунун  негизинде жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгы болуп дайындалып 10 93 буйругу менен иштеп жатабыз. Азыркы учурда Талас облусунда 112 мектеп бар болсо ошонун баарына бирден милиция дайындалып жолдо жүрүү эрежелери боюнча сабак өткөрүлүп жатат.

Негизинен  азыркы учурда жол кырсыгы көп катталып жатат, жана ошонун негизинде биздин ГАИ кызматкерлерибиз иш алып барып жаткан учур.

            Даярдаган: Толгонай Тимурова