«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Жаштардын талантын тандоо

28 Март 2018 жыл 6:26
Көрүүлөрдүн саны: 29
      Balastan-Bilim-beruu-borboru

    Азыркы учурда жаштар бош убактыларын кээ бирлери интернет баракчалары менен өткөрсө кээ бирлери өз шыктарына карап бий кружокторунабы же чет тилдерин үйрөнүүгө жумшашат. Ал эми  мурунку учурларда ар бири үйүнөн даярданып кыйналса,  бүгүнкү күндө каалаган  кружоктордун түрү бар. Мына мисалга алсак Талас шаарындагы Баластан балдарга билим берүү борборунда 3 жылдан бери Билим берүү министрлиги менен ЮНЕСКО биригип баардык аймактардан бий жана вакал жагынан сынак уюштурушуп жеңүүчүлөдү Бишкек шаарындагы Филармонияга алып кетишүүдө. Бул тууралу да кененирээк маалыматты Баластан балдарга билим берүү борборунун мүдүрү Чолпон Исламовнанын айтымында.

Бизде бул сынак үч жылдан бери болуп келүүдө . Негизинен эле Таласта үч билим берүү борбору бар ошолордун баары жана мектептер катышууда. Азыркы учурда 140 баланын ичиненен 76 сы өттү эми азыр үчүнчү турду күтүп жатабыз.

ЮНЕСКО менен Билим министрлиги азыркы учурда бир кана Талас шаарында эмес баардык аймактарда сынак өткөрүүдө жана кененирээк маалыматты   Балажан тарбия берүү борборунун мүдүрүнүн орун басары Молдалиева Замира айымдын айтымында.

Негизиенен эле бул Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам аттуу  жекече бий жана ыр сынагы Балажан борборуна жүктөлгөн. азыркы учурда жер жерлерде сынактарды өткөрүп жатабыз.

Албетте өнөрүң, билимиң болсо жерде калбайсың, ошондуктан  азыртадан жаш убагыңда  эч нерседен ээринбей мээнет кылсаң, өз учурунда үзүрүн көрөсүң деп айтмакчыбыз.

        Даярдаган: Толгонай Тимурова, Зоотбек Ботукеев