«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

“Манас Ата” гүлзар багы жашылдандырылды

28 Март 2018 жыл 6:05
Көрүүлөрдүн саны: 19
      Manas-ata-gulzar-bagy

Кыргыз Улуттук “Манас Ордо” комплексинин аймагында “Манас Ата” гүлзар багы орун алган. Гүлзар бактын жалпы аянты 4га. Көрктөндүрүү үчүн бакка 1200 түп карагайлар, 100 түп мажүрүм тал, 100 түп кайың, ар кандай декаративный өсүмдүктөр жана 1200 түптөн ашуун роза гүлдөрү отургузулган. Гүлзар бактын көркүнө көрк кошуп турган роза гүлдөр. Роза гүлдөрдү өстүрүп кароо үчүн атайын адистер иштеп келет.

Жыл сайын гүлдөрдү жаңыртуу үчүн роза гүлүнүн көчөттөрү алынып келинип, комплекстин кызматкерлери тарабынан отургузулуп турат. Бул гүлдөр “Манас Ата” гүлзар багынын көркүн чыгарып, өзүнүн аңкыган жыты менен келген коноктордун көңүлүн өзүнө бурууда.Бул тууралуу Манас ордо комплексинде уюштуруу иштери боюнча башкы адис Зулхар Мамыров билдирди.

Даярдаган: Зоотбек Ботукеев