«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

24-март буткүл дүйнөлүк кургак учук менен күрөшүү күнү

27 Март 2018 жыл 8:12
Көрүүлөрдүн саны: 15
      kurgak-uchuk-1

Албетте азыркы учурда кургак учук оорусу кеңири таралып, адамдардын жалпысы болбосо да 30% жабыр тартты. Негизинен эле баардык ооруну алдын алса болот, ошондуктан Кызыл-ай коому бүгүнкү күнгө чейин Талас элине ар кандай кургак учукту  алдын алуу боюнча тегерек столдорду уюштурушуп кеңеш беришкен, жана бүгүнкү күндө да Кызыл-Ай коому буткүл дүйнөлүк кургак учук менен күрөшүү  күнүн белгилеп Талас шаарынын борбордук аянтчасына ыктыярчылар менен бирге акция уюштурушту, жана дагы бул тууралу кененирээк маалыматты Кызыл-Ай коомунун потранаждык бөлүмүнүн кызматкеринин айтымында.

Биз буткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күнүнө карата USAID  коому менен биргеликте акция уюштуруп Талас элине медициналык маалыматтарды берип жана брашураларды таратып акция өткөздүк.

Негизинен эле акция уюштурулгандан тышкары Кызыл-Ай коомунун ыктыярчылары флешмоб бийлешип чакан концерттик программа менен аяктады.

           Даярдаган: Толгонай Тимурова