«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Жерге-Тал айылында Мугалимдер жааматы тарабынан ишембилик өтүүдө.

26 Март 2018 жыл 6:40
Көрүүлөрдүн саны: 64
      Ishembilik-gotovyj-syuzhet

Жаздын  келиши  менен  айлана-чөйрөнү  тазалоо  иштери  башталды.    Жерге-Тал  айылынын  Асанбек  Табалдиев  орто  мектебинин  мугалимдер  жамааты  24-март  күнү  ишембилик  кылууда. Мугалимдердин  маанайы  абдан  жакшы. Бул  ишембилик  боюнча  Асанбек  Табалдиев  орто  мектебинин  директору  Баатыр  Сманбаев  агайга  кайрылганыбызда  төмөндөгүлөрдү  билдирди:

Бул  ишембилик  жылда  өткөрүлөт.Атайын  өкмөттүн  токтому  менен  3 айлык айлана-чөйрөнү  тазалоо  жашылдандыруу  кабыл  алынган. Бүгүн  жалпы  коллективдештерибиз  менен  ишембилик  болуп  жатат  жана  бардык  мекемелер  дагы  чыгып  жатышат. Биздин  башкы  максатыбыз, милдетибиз-таза  коомдо  жашоо. Таза  болсок  ден-соолугубуз  чыӊ болот.Айыл  ичинде  дагы  ушул  ишембиликти  көтөрүп  чыгабыз. Окуучуларыбыз  каникулдан  келишсе  да  айлана-чөйрөнү  тазалоо  иштери  жүргүзүлөт. Биздин  бүгүнкү  максатыбыз — жакшы  жашоого  карай  умтулуу».

Ал  эми  ушул  эле  мектептин  тарбия  иштери боюнча  уюштуруучусу  Абай  Адиев  мындай  деди:

« Бүгүнкү  иш-чара  аябай  жакшы  деӊгээлде  өтүп  жатат.Атайын  иш-чара  кабыл  алынган  жашылдандыруу  көрктөндүрүү  боюнча. Быйыл  мурункуга  караганда  эртерээк  башталды  бирок  ага  карабастан жакшы  жумуштар  болуп  жатат. Бүгүн  мугалимдер  жамааты  келип, мектептин  айлана-чөйрөсүн  тазалап  жатабыз. Бул  район  боюнча  кабыл  алынган  иш-чара. Эртеӊден  баштап жалпы  айыл-ичинде  тазалоо  иштери  жүргүзүлөт».

Асанбек  Табалдиев  орто  мектебинде  көп  жылдан  бери  эмгектенип  келе  жаткан, орус тили  мугалими  Баян  Бекболотова бүгүнкү  ишембилик  аябай  жакшы  деӊгээлде  өтүп жатат, маанайларыбыз  абдан  жакшы  деп  билдирди:

«Бүгүн  бизде  ишембилик  жүрүп  жатат. Жалпы  мугалимдердин  маанайы  абдан  жакшы. Кары-жашы  дебей  баардыгыбыз   келип  иштеп  жатабыз. Биздин  бүгүнкү  максатыбыз-тазалык жана  жашылдандыруу.

«Сен  таза  болсоӊ, мен  таза  болсом, коом  да  таза  болот»,-  демекчи, тазалыкты  ар  бир  адам  өзүнөн  баштоо  керек. Ошондо  гана  өлкөбүз  өнүгүп өсөт  деген  ойдобуз. Ал  эми  бүгүнкү  ишембиликке  келген  Асанбек  Табалдиев  орто  мектебинин  мугалимдер  жамаатына  тереӊ  ыраазычылык  билдиребиз

Даярдагандар: Нурай  Эсенгулова , Мээрим  Жумабекова.