«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

«Алиппе»

26 Март 2018 жыл 6:53
Көрүүлөрдүн саны: 36
      Alippe-Mixdown-1

Нарын районуна  караштуу  Жерге-Тал аймагында  Асанбек  Табалдиев  атындагы  орто  мектебинде  22-23-мартта  «Алиппе» майрамы  болуп  өттү. Жогорку деӊгээлде өтүп жатат. Бул майрам жылына өтүп турат. 1-классынын  окуучусу  Асанбекова  Аянанын  апасы  Кайыркүл  эже  төмөндөгүлөрдү айтып өттү:

Мен  кызымдын  Алиппе  майрамына  келгем. Абдан  жакшы  болуп  жатат. Кичинекей  балдарыбыздын  өнөрлөрүнө  күбө  болуп  жатабыз. Ата-энелери  да  келип  жакшы  маанайда  олтурушат».

Ал эми  ата-эне болуп келген 10-классынын  окуучусу   Лаззат Ишембекова   өз оюн билдирди:

«Мен сиӊдимдин «Алиппе» майрамына келдим. Жогорку деӊгээлде өтүп жатат. Окуучулардын катышуусунда, ошондой эле ата-энелердин көрүүсүндө өтүп жатат».

 Ошондой эле 1-классынын  окуучусу  Фатима  Бөкөнбаева мындай деди

«Бүгүн  Алиппе  майрамыбыз  болду. Аябай  жакшы  өттү».

Буга  чейин  да  Алиппе  майрамдары  болуп  келген.Аябай  жакшы  деӊгээлде  өттү. Башталгыч  класстын  окуучулары  мындан  ары  да  жакшы  окуп,мыкты  инсандардан  болот  деген  ишеничтебиз.

Даярдаган: Гүлипа  Амангелдиева