Талас облусунда нооруз майрамы 4 район 1 шаарда белгиленип бүттү.Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Бакай-Ата,Кара-Буура,Манас,Талас райондорунда Ноорузга иш-чаралар боз үй тигилип,улуттук оюндар ойнолуп коштолду.
Бакай-Ата районунда окуучулар арасында сармерден өтүп,Нооруздун тарыхын райондук китепкана театралдаштырып көрсөттү. Кара-Буура районунда боз үйлөр тигилип апалар кечээтен бери сүмөлөк жасашып,конокторго таратты.Ал эми Манас районунда башка улуттун бийлери,этностор аралык тамак жарманкелер өттү.
Даярдаган: Ботукеев Зоотбек