«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Талас шаардык Архиви

21 Март 2018 жыл 6:14
Көрүүлөрдүн саны: 113
      Talas-oblustuk-arhiv

Талас шаардык архив 2013- жылы ачылган.  Бөлүм эң негизги 3 багытта иш алып барат. Бүгүнкү күндө Талас шаарынын тургундарынын  суроо – талаптарына жооп берип жана документтерди туура, таза, ишенимдүү сакталышына көмөк көрсөтөт, жана ошондой эле бул тууралу дагы кененирээк маалыматты  бөлүм башчысы Кулматова Бибият Бековна айымдын айтымында.

Негизинен эле биздин архив үч багытта иш алып барат

  1. Мекеме уюмдардан кабыл алынган документтердин баалуулугуна илимий – талдоо иштери жүргүзүлүп, тизими түзүлүп, Эксперттик – текшерүү усулдук комиссиясынан (ЭТУК) бекитилгенден кийин, биздин бөлүм документтердин түбөлүктүү жана убактылуу сактоого кабыл алабыз.
  2. Бизге кайрылган кардарлардын суроо-талаптарына жооп беребиз. Башкача айтканда архивдик документтердин негизинде аныктамаларды беребиз.
  3. Биздин Талас облустук мамлекеттик архивинде Усулдук колдонмо бурчу бар. Бул алдын-ала түзүлгөн иш-пландардын негизинде атайын жумушчу топ архивдик материялдарга илимий-иликтөө иштерин жүргүзүп, анын негизинде багыттагычтарды, каталогторду, баяндарды, маалымдагычтарды, жыйнактарды чыгарабыз.

Ушул эле ойлорду Талас облустук архивинин тармактык архивтер менен иш алып баруу бөлүмүнүн башчысы Бакиева Гульмира айымдын толуктоосуна көңүл бурсак.

Негизинен эле биздин бөлүм Талас облустук толуктоо булагына кабыл алынган мекемелер менен иш жүргүзүүдө иш алып барат, жана мекемелерге, уюмдарга усулдук жардам көрсөтөт.  Кыргыз Республикасынын архивтик фондусунун  мыйзамын жана ошондой эле 517, 499, 340, 160 токтомдорун түшүндүрүү иштери боюнча ар кандай семинарларды өткөрөбүз.

Тактап айтканда азыркы учурда Талас шаарынын архивинде Талас тургундарынын документтери ишенимдүү сакталып турган учур.

Даярдаган: Зоотбек Ботукеев, Толгонай Тимурова.