«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын көрсөтүүсү Таласта

17 Март 2018 жыл 12:33
Көрүүлөрдүн саны: 48
      Darektuu-tasma

Талас шаарындагы  Абжалбек  Чолпонкулов атындагы №1 жалпы билим берүүчү  орто мектебинде адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын XI эл аралык фестивалынын алкагында регионалдык даректүү тасмаларды көрсөтүүлөр болду.  Ал жактан 9-10-11 класстын окуучулары,  мугалимдери, Талас шаардык жана Талас  райондук билим берүү өкүлдөрү  ошондой эле Бакай- Ата районуна караштуу Кызыл –Октябрь айылынын өкмөттүк эмес уюмдун  өкүлдөрү, Талас шаардык жергиликтүү тургундар  катышышты.

Негизинен эле бул фестивалдын максаты адам укуктары жана эркиндиктери көйгөйлөрүн саясий — социалдык жана эканомикалык таризде көрүүчүлөрдүн терең түшүнүүсүндө, аларга сын көз караш менен карап жана андан чыгуу жолдорун талкулоого мүмкүнчүлүк берүүчү документалдык фильмдер аркылуу илгерилетүү болуп саналат. Тасмалар “Жашоо  керемет”, “Болуш”, “Каратегиндеги кат”, “Биз адамзат”, “Теңчилик: баары үй – бүлөдө”- аттуу даректүү тасмалар болуп  көрүүчүлөрдүн арасынан Нуржанбекова Алтынай ар бир тасманы көргөндө жүрөктө ойлондуруучу өзгөчө сезимдерди калтыраарын  айтып өттү, жана ошондой эле тасмаларды көрсөтүүнүн соңунда ар бир катышуучу өз оюн толугу менен айтып, ой бөлүшө  алышты.

Даярдаган: Толгонай Тимурова.