Талас шаарындагы ИСИТО окуу жайынын студенттери жетишпеген, аз камсыз үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жана ден-соолугунан жабыр тарткан адамдарга өз демилгелери менен ар кандай иш чараларды, чакан концерттерди уюштурушуп, андан түшкөн акча каражаттарына бүгүнкү күндө элүүдөн ашуун муктаж үй-бүлөлөргө жардам беришкен, жана бул тууралу кененирээк маалыматты ИСИТО окуу жайынын экономика сабагынан мугалими Талгат кызы Жылдыз айымдын айтымында:
Негизинен эле биз ИСИТО окуу жайынын студенттери болуп аз камсыз бир үй-бүлөгө жардам берүүдөн баштаганбыз, андан соң жардамга муктаж адамдардын саны абдан көп экенин көрүп ар кандай иш- чараларды уюштуруп түшкөн каражаттарга мүмкүнчүлүгү чектелген аз камсыз үй-бүлөлөргө кийимдер жана тамак аш менен жардам бердик, жана ушул эле ойлорду ИСИТО окуу жайынын студенти Мамбеткалый уулу Эржан да толуктады.
Даярдаган: Ботукеев Зоотбек