«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Улуттук Кызыл Ай Коому.

28 Февраль 2018 жыл 9:03
Көрүүлөрдүн саны: 14
      Kyzylaj-koomu

Кыргызстан Кызыл Айы гуманитардык ишмердүүлгүн 1926-жылдан бери аткарып келе жатат. Уюмдун миссиясы өлкөнүн баардык жети аймагы боюнча калктык аярлуу топторунун жашоосун жакшыртууда жана жеңилдетүүдө. Кыргызстан Кызыл Айы Кызыл Крест Эл аралык Комитети, Кызыл Крест жана Кызыл Ай Коомдорунун Эл аралык федерациясы жана бүткүл дүйнө жүзү боюнча 190 улуттук коомдору менен бирге Кызыл Крест жана Кызыл Ай Эл аралык кыймылын түзөт. Ал эми бүгүнкү күндө Талас шаарындагы Кызыл Ай коому эң жакшы иш чараларды жүргүзүп, жардамга муктаж, жетишпеген үй-бүлөлөргө же жетим балдарга кийимдер жана тамак аш менен жардам берип, өз ыктыярчылары менен кичине балдардын көңүлүн ачуу максатында чакан концерттерди уюштурушуп, көптөгөн жардамдарды көрсөтүүдө, жана бул тууралу кененирээк маалыматты Кызыл Ай Коомунун кан тапшырууну өнүктүрүу боюнча кызматкери Шаршенова Кулипа айымдын айтымында:

Кызыл Ай Коому көп багытта жумуш алып барат, алардын арасынан  саламаттыкты сактоо, өзгөчө кырдаал учурунда өзүн-өзү башкаруу,көп балалууларга, кары-картаңдарга, жетимдерге кийим-кече, тамак аш менен жардам берүү. Кызыл Ай Коомунун эң негизги максаты бул аярлуу катмардагы элдин жашоосун жеңилдетүү.

                 Даярдаган: Тимурова Толгонай