«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Таласта диний окуу жайлар текшерилди.

28 Февраль 2018 жыл 10:51
Көрүүлөрдүн саны: 36
      Dinij-okuu-zhajlar-teksheril-d-

Таласта экстремизм жана терроризмге каршы күрөш жүрүүдө. Бул тууралуу Талас ОИИБ билдирди.

 Милиция кызматкери тарабынан иштелип чыккан комплекстүү иш чара башталды. Атайын комисия түзүлүп, Талас облусундагы диний окуу жайлар (медреселер) текшерилди. Окуу жайдагы мугалимдердин билим берүү сапаты, уруксат иш-кагаздары жана ишмердүүлүктөрүнүн мыйзамдуулугу иликтенди. Комиссиянын курамында Өкмөттүн ыйгарым өкүлчүлүгүнөн, облустун казиятынан, саламаттык сактоо тармагынан жана укук коргоо органдарынан жана башка тажрыйбалуу кызматкерлер бар. Ар бир жаш өспүрүм менен сүйлөшүп, диний көз караштары жана багыттары бааланды. Ал эми санитардык абалдан башка, чон кемчиликтер аныкталган жок. Учурда текшерүү жана иликтөө иштери уланууда.

                  Даярдаган: Тимурова Толгонай