«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Ата Мекенди коргоо күнү

28 Февраль 2018 жыл 5:54
Көрүүлөрдүн саны: 25

   Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылында Ата мекенди коргоочулар күнүнө карата атайын иш чаралар өткөрүлдү. А.Табалдиев  мектебинин мугалими  К.Чылабаева 23-февралда  жакшы майрамдаганын айтып өттү.

Мен үчүн 23-февраль абдан чоӊ майрам, себеби жаштарды патриоттуулукка  үйрөтөт.Ал эми биздин  мектептин тарых мугалими Ж.Аманбеков атайын иш чара өткөрдү, окуучуларга доклад ошондой эле 23-февраль кандай  майрам  экенин белгилеп өттү. Ошондой эле  агайыбыз  2002 –жылы туулган балдарга аскерге катталуучу күбөлүк тапшырды.

 Жаштар уюмунун мүчөсү Л.Ишенбекова  мындый деди.

      Ата Мекенди коргоочулар күнүнө  карата концерт уюштурулган.Ал концертке 7-10 класска чейин окуучулар  катышты.Бул иш чаранын  негизги  максаты жаштарды патриоттуулука үндөө болгон.Иш чара жогорку деӊгээлде өттү.

Ошондой эле 11-классынын окуучусу  А.Токонова өзүнүн оюн  төмөндөгүчө билдирди.

      Биз бул майрамды үй –бүлөөбүз менен биргеликте майрамдайбыз.Бизге 23-февраль чоӊ майрам болгондуктан атама жана байкелериме белек бердик. Ал эми кийинки муундарга айтаарым Мекен үчүн-кызмат кылгыла демекчимин.

Кыргыздын эр азамат жигиттери мекенге кызмат кылган, мекен үчүн жанын аябаган инсандардын болуусуна тилектешбиз.

                  Даярдаган:Гулипа Амангелдиева