«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Таласта рейд учурунда 22 жаш өспүрүп кармалган.

23 Февраль 2018 жыл 10:10
Көрүүлөрдүн саны: 27
      podrostok-noch1

Бул тууралуу Талас ОИИБ басма сөз катчысы Динара Сарнагоева билдирди.  Талас шаарынын аймагында “подросток ночь” аталыштагы атайын рейд өткөрүлгөн. Бул рейдтин максаты жаш өсүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу жана профилактика жасоо. Бул рейдтин аты айтып тургандай өспүрүмдөрдүн түнкү саат  22:00 дон баштап көчөдө ата-энесинин жана коштоп жүрүүчү туугандары жок  жалгыз жүргон өспүрүмдөрдү  текшерүү өзүн алып жүрүсүн текшерилди.

. Рейдтин убагында коштоп жүрүүчү адамдары жок, жалгыз көчөдө жүргөн 22 жаш өспүрүм балдар Талас шаардыкдыкички иштер бөлүмүнө алып келинген. Бул өспүрүмдөрдүн ата-энелери  жоопко тартылган. Протокол түзүлүп ошонун негизинде чара көрүлгөн.

 Даярдаган: Тимурова Толгонай