«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Талас шаарынын Манас Ата себат балдар лицейинде өзүнө 20теманы камтыган дебат болуп өттү.

23 Февраль 2018 жыл 7:45
Көрүүлөрдүн саны: 24
      Debat

Талас шаарынын Манас Ата сапат балдар лицейинде өзүнө 20 теманы камтыган англис тилинде дебат өттү. Бул туурасында биздин  кабарчы дебаттын катышуучуларынан кабар алды. Дебат 21-22 февралда болуп өттү. Эки күндүк дебатка Талас Мамлекеттик Университет, Талас шаарынын мектептери, Талас Мээрим сапат кыздар лицейи, Талас Манас Ата сапат балдар лицейи жана чет тилдери багытындагы лицей-комплекс катышышты.       

Дебаттын башкы максаты окуучуларды жана студенттерди англис тилинде эркин сүйлөтүү. Дебаттын шарты боюнча 1 командада 3 төн катышуучу болду. Тактык үчүн ар бир катышуучу мойнуна бейджик номери менен тагынышып каттоодон өтүштү. Өтүлгөн дебаттын биринчи күнүндө финалга 4 команда 6 окуучу тандалды. Аларды Мээрим сапат кыздар лицейинин окуучуларынан түзүлгөн 2 команда Манас Ата сапат балдар лицейинин окуучуларынан түзүгө 2  команда түзүлдү.

Дебаттын 2 күнү финалда 4 команда жарышып 1-2-3-орундар ыйгарылды. Орундар берилгенче дебаттын катышуучулардын арасынан талантуу балдар жана кыздар   концерттик программа тартуулашты. Жыйынтыгында 1-2 орунга Мээрим сапат кыздар лицейи  ээ болушту, 3-орунду Манас Ата сапат балдар лицейинин командасы ээ болушту. 1-орунга 1-даражадагы медаль сертификат жана кубок ыйгарылды, 2-3 орунга 2-3 даражадагы кубок сертификат берилди, 6-орунга чейинки ээ болгон командаларга сертификат ыйгарылды. Ал эми калган катышуучуларга активдүү катышкандыгы үчүн сертификаттар берилди.

Даярдаган: Тимурова Толгонай