«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

“Кыргызстандагы адам укуктары боюнча кырдаалга баа берүү”- форуму.

21 Февраль 2018 жыл 18:36
Көрүүлөрдүн саны: 31
      Ukuk-korgoo

Бүгүн Талас шаарындагы  Байбол ресторанында “Кыргызстандагы адам укуктары боюнча кырдаалга баа берүү”- темада форумга Талас облусунун ыйгарым өкүлчүлүгүнүн орун басары, Талас, Манас, Кара-Буура райондорунун акимчилигинин өкүлдөрү, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, жана жарандык коомдун өкүлдөрү, аксакалдар кеңешинин төрөгалары, жана ички иштер башкармалыгынын мүчөлөрү катышышты. Бул форум тууралуу аялдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлү Нусалиева Бакен Абыловна айымдын айтымында:

Бүл форумдун негизги максаты ар бир адам өз укуктарын билүү. Биз бугу чейин Кыргызстандын баардык аймактарында ушундай иш- чараларды өткөрүп келдик, жана бүгүнкү күндө Талас шаарында да болгону турат. Негизинен эле адам укуктары боюнча кырдаалга баа берүү бизде көптөн бери изилденип баардык аймак-аймактардын элдеринен укук тууралуу суроо алынып жана жоопторунан улам жыйынтык чыгарып жатабыз. Бул иш чаранын негизги демөөрчүлөрү Омбудсмен, USAID, Freedom House. Мамлекеттин чөнтөгү жука болгондуктан мындай изилдөөлөр жана иш- чаралар эл аралык уюмдарга тапшырылып мунусунда биз аялдарды коргоо уюму өткөрүп жатабыз. Биз ушул форумду өткөрүүдө көптөгөн көйгөйлүү маселелер бар экенин билип, жана алардын арасынан эң олуттуу маселе бул кароосуз калган балдар жалпылап айтканда балдардын укугун коргоо маселеси абдан чоң көйгөйлүү маселе экенин биле алдык десем жаңылышпайм. Негизинен биздин максатыбыз жөнөкөй элдер менен иш алып барып, жана эң олуттуу үч маселени иштеп чыгып  ошонун негизинде иш алып баруу.

Бул форумдун катышуучусу Узакбаева Жакшылык Аскарбековна айымдын айтымында:

Мен Узакбаева Жакшылык Аскарбековна Талас облусу боюнча ыйгарым өкүлчүлүгүнүн өкүлү  болуп эмгектенем. Негизинен бул жерде каралып жаткан маселе ар бир адам өз укугун билүү, жогоруда айтып өткөндөй ар бир адам оз укугун билсе, демек биздин өлкөбүздө кылмыштуулук же ушул сыяктуу иштер азаймак. Бул жерде дагы бир айта кетчү нерсе Таласта жана Ошто балдардын укугу жана мигранттардын укугу абдан чоң көйгөйлүу маселелерди жаратууда, жана ушул уюштуруп жаткан коом азыркы айтылган сунуштар укук бузууларды карашып жана эң олуттуу маселесин иштеп чыкмакчы.

Даярдаган: Толгонай Тимурова