Бүгункү күндө Талас шаарындагы №6 орто мектебинде кыздар арасында “Акылкарачач”- аттуу оюндун биринчи туру өткөрүлдү. Бул оюнга Талас шаарындагы баардык мектептердин 10- классынын окуучулары команда менен география, математика, кыргыз тили жана адабияты, тарых сабактарынан суроо берилип, биринчи туру аяктады. Бул оюнга катышкан окуучулардын арасынан №1 орто мектебинин окуучусу Файзудин кызы Мадинанын айтымында :
Мен, Файзудин кызы Мадина азыркы учурда №1 орто мектебинин окуучусу болом. Бул убакытка чейин 2017-жылы апрель айларында да 4 тур болуп жеңүүчулөргө жакшы белектер тапшырылган. Ал эми азыркы учурда дагы мектептер арасында оюн өткөрүлүп жакшы орундарды багындырабыз деген ойдомун.
Негизинен эле бул “Акылкарачач” оюну 4 турдан турат, ал эми бугун биринчи туру болуп өттү. Бул оюндун катышуучуларынын жыйынтыгы 4 турда аныкталат.
Даярдаган:Тимурова Толгонай