«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

“Жаштардын үнүн угуу”- аттуу темада жыйын.

1 Февраль 2018 жыл 16:01
Көрүүлөрдүн саны: 37
      ZHashtar-n-n-uguu

31-январь күнү Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө  “Жаштардын үнүн угуу”- аттуу темада жыйын өтүлүп, ал жакта жаштар өз оюун жана сунушун Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү   Мураталиев Марат Молдоновичке түз айта алышты, жана Марат Молдонович жаштардын сунушун четке какпай, алар менен чогуу иш алып барууга сөз берди.

Азыркы учурда көйгөйлүү маселелер көп болгондуктан, жана аларды чечүүгө бир гана өкүлчүлүктүн чечими эмес, жаштардын же деги эле элдин көз карашы да өтө керек. Азыркы болуп өткөн бул жыйында Марат Молдонович Талас облусу үчүн алдыга койгон максатын толугу менен элге жеткирип,  жаштардын сунуштарын жана пикирлерин угуп, жана төмөндөгүчө суроолор менен кайрылды. Келечекте  Талас облусун кандай элестесиңер? Биздин облусубус өсүп өнүгүсү үчүн  кандай иш-чараларды  жүргүзсөк силерге ыңгайлуу болот? Кандай көйгөйлүү маселелер бар? Ошондой эле  бул суроолорго  жыйында олтурган жаштар өз ойлорун кенен айтышып өкүлчүлүк менен жаштардын үнүн үгузуучу жаш өспүрүмдөр облусун өкүлү Марат Мураталиев менен бир айда бир жолу жолугушуу болуп  тураары чечилди.

Жыйында катышуучулар ар тарапта иштешип жана жетпеген каражат же деги эле сунуш көйгөйлөрүн айтышышты жана алардын арасынан Жуматаев Бекжан Молдобековичтин айтымында:

Мен Жуматаев Бекжан Молдобекович. Азыркы учурда Талас шаарындагы №1 орто мектебинин, 11 классынын окуучусу болом. Мен бул убакытка чейин тегерек столдордо, жана көптөгөн жыйындарга катышып келгем, бирок  жаңы облустун жетекчиси  Марат Мураталиев менен жолугушуу бул биринчи жолу. Негизинен менин бул жыйынга катышуумдун себеби, азыркы учурда жаштардын баары мектептен билим алышат, бирок ошол алган билимдерибизди биз мектептен кана колдонобуз, а бирок менин оюмча азыркы учурда жаштар билимге суусап турган учур, ошондуктан мен суранар элем жаштарга билим берүучу уюмдар ачылса деп айтып өттү.

 

Бул тууралуу дагы Талас облустук жаштар кеңешини коомдук бирикмесинин жетекчиси Бектур Медетов  мырзанын айтымында. Бул убакытка чейин жаштар менен биргелешип иш алып баруу биздин

өкүлчүлүктө болгон эмес, жана мен өтө кубанычтамын азыркы учурда Марат Мураталиев демилгеси менен жыйын өтүп жатат. Мен өзүм 2010-жылдан бери жаштар менен иш алып барып келем жана азыркы учурда жаңы топ түзүп иштешип жатканыма 2- жылдын жүзү болду.  Албетте, бизде азыркы учурда көйгөлөрдүн саны арбын, жана мен бул жыйында  жаштар менен иш алып барып, алардын сөзүн угуп жаткан өкүлчүлүккө терең ыраазычылыгымды айтмакчымын.

Бул жыйындын соңунда жаштардын сунушу четке кагылбай, алардын көйгөйлөрү  биринчи мүмкүнчүлүктө чечилээри айтылды.

Даярдаган: Тимурова Толгонай