«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Кара-Буура райондук жана Манас райондук сотунун имараттары капиталдык ремонттон өтүүдө

22 Январь 2018 жыл 8:55
Көрүүлөрдүн саны: 47

Талас облусунун Кара-Буура райондук сотунда имарат ичиндеги оңдоо – түзөө иштери 70% аткарылып, аны менен бирге имараттын сыртын жасалгалоо иштерди уланууда.

Айта кетсек,  Кара-Буура районунун Кызыл – Адыр айылында Кара-Буура райондук соту 1968 – жылы курулуп, имаратта оңдоп – түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес. 2016 – жылы Кыргыз Республикасынын Соттор кеңешинин чечими менен имаратты  оңдоп – түзөө иштерине мамлекеттен каражат бөлүнгөн.

Ал эми, Манас райондук сотунун имарат ичиндеги капиталдык ремонт иштери аяктап, тосмолорду орнотуу жана имараттын короосуна күзөт бөлмө куруу иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилүү болгондой, Талас облусунун Кара-Буура жана Манас райондук сотторунун имараттары 2016-жылдан бери капиталдык ремонттон өтүп жатат.

«2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү» багытындагы  мамлекеттик максаттуу программанын алкагында 2016-2017-жыл ичинде Талас облусу боюнча Бакай-Ата райондук сотунун имараты толук капиталдык ремонттон өткөрүлдү.

       Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан сотторго өзгөчө көңүл бурулуп келүүдө.  Мамлекет соттордун ишине ийгиликтүү натыйжа алып келээрине ишеним көрсөтүп, имараттарда өткөрүлүп жаткан капиталдык ремонтторго керектелүүчү чыгымдарды каржылап, соттордун материалдык-техникалык базасы чыңдалып өркүндөшүнө өз салымын кошуп келүүдө.

 

Талас облустук сотунун басма сөз катчысы

Назгуль Кулушева