«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

НУР БАЛА КАЙРЫМДУУЛУК ФОНДУ.

12 Январь 2018 жыл 7:55
Көрүүлөрдүн саны: 39
      Nur-bala-1

“Көп түкүрсө көл болот,

Көл толкуса сел болот”- демекчи  азыркы учурда жардамга муктаж деги эле маралдык же матириалдык жактан эмес ден соолугуна байланыштуу  азыркы баардык балдар окуп жаткан жөнөкөй мектепте окуй албаган балдардын саны жок эмес.  Кимдир бирөөгө жакшылык кылсаң  анда ал жакшылыгың кайра өзүңө эки эселенип кайрылып келет.  Мисалга алсак бир гана Талас шаарында  канчалаган мүмкүнчүлугү чектелген балдар бар, бирок ошол мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам берген НУР БАЛА коомдук фонду ошол балдарды окуганга же даарыланганга матириалдык жактан жардам беришет, жана НУР БАЛА коомдук фондунун жетекчиси Наргиза сапарбаевна айымдын айтымында:

Мен Наргиза Сапарбаевна коомдук бирикме Нур баланын жетекчиси болом. Биздин коомдук фонд 25- сентябрда 2009-жылы ачылган.   Биздин фонд мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга маралдык жактан, матереалдык жактан колдоо көрсөтүүнүн негизинде ачылган жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдардан тышкары тоголок жетим, жетим, социалдык жетим жана үй бүлөлүк кыйын шартта жашаган балдарга жардам беребиз.  Биздин уюумдун натыйжасында бүгүнкү күнгө чейин Талас областында жети реаблитациондук цент ачылган, Талды-Булакта Таң нуру,Таласта Теңир колдо, Көк-Ойдо Бекнур, Ак-дөбө айылында  Ак-Тилек, Манас районунда Аярбала, Кызыл-Адырдан Аяржан деген реаблитациондук центрлер ачылган.  Бизде мындан тышкары көптөгөн долбоорлор болгон жана алардын арасынан эң негизги долбоорубуз  саан уй доолбоору болгон, биз Талас облусунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга өтө оор шартта жашаган жана чоң оорусу болгон балдарга биз уйду жардам катары  тартуулаганбыз, азыркы күндө Талас облусундагы бүт айыл аймактарды камтып жакшы ийгиликтерге жетишип жатабыз. Ал эми азыркы күндө бизде беш жүздөн ашуун балдар уй менен камсыз болгон.  Негизинен эле бул уюмдум Турдугулова Жылдыз,Зарина Турукманова жана мен Сарталиева Наргиза үчөөбүздүн негизинде ачылган. Биз негизи 2009-жылдарга чейин 2008-жылдары EVERY CHILD деген  чоң уюум бар  жана болчу,  биз ал жакта эмгектенчүбүз. Бирок кийин кандайдыр бирсебептер менен ал уюум жабылып калды, негизинен эле биз ал жакта иштеп жүруп биз элестеткенден да көбүрөөк мүмкүнчүлүгү чектелген балдар экенин билип кийин ал уюум жабылса да биз үчөөбүз ушул Талас шаарында азыркы күнгө чейин иш алып барып жатабыз.

 

Албетте  азыркы учурда ден соолук жактан жабыр таркан көптөгөн балдар башка билим алып жүргөн балдар сыяктуу билим алыша алышпайт, бирок азыркы учурда Нур бала фонду ошондой жардамга муктаж балдарды мугалим жалдап мектептерге кошуп окутууда жана азыркы учурда Нур бала фондунда жардамчы мугалим болуп эмгектенген Асел Бектурсунова айымдын айтымында:

Мен Асел Бектурсунова Нур бала коомдук фондунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутууга жардам берип иштейм. Азыркы учурда сентябрь айынан баштап май айына чейин эки баланы Талас шаарындагы №1 орто мектебинде окутуп жатам. Албетте азыркы учурда кыйынчылыктар болуп жатат,жана мунун натыйжасы да ата- энелерге көз каранды, себеби мен канчалык аракет жасабайын үйүнөн да  ата- энеси көз салып туруусу зарыл. Азыркы учурда мен Карачаев Канат жана Айчүрөк экөөнүн оорусу аутизм жана акыл эси кем балдарды окутуп жатам.

“Жаман адам өз камы үчүн күйүнөт,

Жакшы адам эл камы үчүн күйүнөт.”- демекчи ар бир адам башка адамдарга жардам кылса ал адам инсан катарын толуктай алат.

    Даярдаган: Тимурова Толгонай