«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Фемида өкүлдөрү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам беришти

12 Январь 2018 жыл 10:09
Көрүүлөрдүн саны: 29

Талас  облусунун  жергиликтүү сотторунун жааматы жана аппарат кызматкерлери  өз демилгеси менен Талас  шаарында  жашашкан  мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо ирээтинде  акчалай  жардам көрсөтүштү.

Талас облустук сотунун төрайымы  Клара Калиева  мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашаган даректери боюнча үйлөрүнө  барып, ден-соолуктарын сурап, Жаңы жылы менен куттуктады.

Ошону менен катар, фемида өкүлдөрү сот системасында көп жылдан бери иштеген эмгек ардагерлерин эстен чыгарбай, ар дайым алар менен баарлашып, соттор уюштурган салтанаттуу иш-чараларга чакырып келүүдө. Кезектеги Талас облустук сотунун судьялары менен кезигишүүнүн биринде Кыргыз Республикасынын  сот тутумунда көп жылдар бою  судьялык  кызматта эмгектенип,  ардактуу  эс алууда жүргөн, бүгүнкү күндө адвокат катары иштеп келе жаткан,  эмгеги сиңген юрист  Кенжебек Султаналиевге  Талас облустук сотунун төрайымы “Отставкадагы судья” деген  күбөлүгүн тапшырды.

Кенжебек Султаналиев өз кезегинде ыраазычылык  сөздөрүн  айтып, мындан ары дагы сот жана сот сстемасын өркүндөтүү үчүн өз эмгегин жумшарын ишендирип кетти.

Белгилей кетчү нерсе, Кенжебек Султаналиев бүгүнкү күндө да адвокат болуп эмгектенип, сот реформасын ишке ашырууда салымын кошуп келет, сотторго жана жалпы сот системасына ишеним көтөрүү боюнча өз жардамын көрсөтүп, коомчулукта ар кандай түшүндүрүү иш-чараларды өткөрүп келүүдө. Сот тармагында жаш муундарга үлгүлүү кызматкер катары иштеген эмгек жолу, тажрыйбасы өтө баалуу.

Талас облустук сотунун басма сөз катчысы

Назгуль Кулушева