«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Талас облустук сотунда ачык эшик күнү болуп өттү

11 Январь 2018 жыл 8:17
Көрүүлөрдүн саны: 56

Талас облустук соту Талас шаарындагы «Мээрим – Себат» кыздар лицейинин окуучуларына «Ачык эшиктер күнүн» уюштурду. Бул  иш чара жаш муундардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын урматтоого үйрөтүү, сот системасына ишенимди жана сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында өткөрүлдү.

Иш чарага «Мээрим – Себат» кыздар  лицейинин 11-классынын окуучулары  жана англист тил мугалими Саламат Молтоева катышты.

Талас облустук сотунун төрайымы Клара Калиева  жана судьялар Омурлан Тункатаров, Айнура Султаналиева окуучуларга   укуктук маданият, сот тутумунун артыкчылыктары   жөнүндө айтып беришти.  Мындан тышкары фемида кызматкерлери соттун имаратында экскурсия өткөрүп, бүгүнкү күндө сот реформасы кандай жолдор менен ишке ашырылып жатканын, судьялардын конкреттүү  ишти кароодо кабыл алган өкүмү  үчүн жоопкерчилиги жөнүндө баяндашты.  Ошондой эле  сот ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугунун ишке ашырылышынын негизги атрибуттары катары, коомчулукка ачык жана жеткиликтүү болгон sot.kg жайгаштырылган сот тарабынан кабыл алынган соттук актылар жөнундө кененирээк маалымат берилди.

Ачык эшиктер күнүнө катышкан  окуучулар, сот системасы тууралуу, соттук процесске катышкан тараптардын укуктары жана милдеттери жөнүндө, жазык жоопкерчиликтин жана жарандык милдеттердин озгөчөлүктөрү  боюнча  суроолорун беришти.

Соңунда, Талас облустук сотунун төрайымы  Клара Калиева жана судьялар «Мээрим – Себат» кыздар лицейинин окуучуларына  ийгиликтерди каалап, мыкты кесиптин ээлери болушун каалап өтүштү.

Талас облустук сотунун басма-соз катчысы  Назгүл  Кулушева

 Даярдаган: Назгүл Кулушева