«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Гулнура – биздин сыймыгыбыз.

11 Январь 2018 жыл 7:14
Көрүүлөрдүн саны: 33
      Gulnura-bizdin-syjmygybyz

    Адамды өзүнөн эмес ишинен тааны дегендей эле ар бир эле адам  өзүнүн кылган иши жана  сүйлөгөн сөзү менен бааланат.  Азыркы учурда окуулардын деги эле билим өрчүтүүчү мекемелердин саны арбын.  Айтылыт ко, келечек жаштардын колунда деп, анысы карындай ар  бир келечек муундары алдыга умтулуп чет өлкөлөргө чыгышып өз билимин тереңдетүшүүдө. Жакшы менен жолдош болсоң жакшысы жугат,  жаман менен жолдош болсоң кесири жугат дегендей эле ар бир адамдын өсүп өнүгүүсү айлана чөйрөгө да байланыштуу. Бирок, ооба туура ар бир адам өзү үчүн аракет жасап, өзүн жакшы жакка шыктандырса анда ал адам эч убакытта жерде калбайт. Албетте азыр заман өнүгүп англис тили же деги эле чет тилдер жакшы өнүгүп биздин Кыргыз республикабызда да  ар кандай жакшы окуу жайлар ачылып ошол жактан  жакшы жетишкендиктерге жетишүүдө,  алардын арасынан Талас шаарына караштуу Көк- Токой айылынын тургуну Жолдошбекова Гульнуранын айтымында:

Мен Жолдошбекова Гульнура азыркы учурда Бишкек шаарындагы Борбордук Азиядагы эл аралык  окуу жайында окуйм.  Мен 19 жаштамын жана окуу жайга чейин Кара-Суу айылында окугам, андан соң мен да азыртадан аракет жасабасам мен үчүн кийин  кыйыныраак  болуп калат, мен  да башкаларга окшоп бир ишке киришейин деген ойдо англис тилине кызыгып Талас шаарындагы  балдарга билим берүүчү борбордо  англис тилин үйрөнүп кызыга башдадым. Менин оюмча мага ошол убакытта түрткү берген менин англис тилчи мугалимим болду.  Андан соң Талас шаарындагы радиомостко келип көптөгөн жакшы маалыматтарды алып, элдер менен кандай сүйлөшүү керек экенин үйрөнүп ар кандай жакшы  радио берүүлөрдү алып барып деги эле жалаң жакшы жакка калыптанып азыркы учурда мага ошолордун жардамы  абдан тийип жатат. Мен англис тилин үйрөнгөндөн кийин менин бактыма жараша Америкага өтүүчү тест келип алардын үч турунан өтүп Американын мектебине бир жылдык окууга өттүм, ал жактан  жалаң кана жакшы жактарды үйрөнүп азыркы учурда  окуу жайда окуп алдыда жакша ой максаттарым бар.

“Жашыңда берсин мээнетти,

Карыганда берсин дөөлөттү” дегендей эле азыртадан өзүң аракет жасап  тырышсаң,  анда келечекте чоң кесиптин ээси болуп, “Уядан эмнени көрсөң учканда ошону аласың”.

 

    Даярдаган: Толгонай Тимурова.