«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

Райондук олимпиада.

8 Январь 2018 жыл 14:51
Көрүүлөрдүн саны: 56
      Rajonduk-olimpiada-Mixdown-1

Райондук  олимпиада  2017-жылдын  25- декабрында Асанбек  Табалдиев  орто  мектебинде  өткөрүлдү. Жалпысынан  32  мектеп  катышышты. Алардын  ичинен  татыктуулары  орундарга  ээ болушту. Бул  олимпиада  боюнча  Нарын райондук билим  берүү  бөлүмүнүн  башчысы  Болотбек Акматалиевич  төмөнкүлөрдү  айтып  өттү:

 

« Нарын  району 5  өрөөнгө  бөлүнгөн. Ал  жактан  өрөөндүк  олимпиадалар  өткөрүлүп  1-2-орунду  камсыз  кылган  окуучуларыбыз  бүгүн  райондук  олимпиадага  катышып  жатышат.  Жалпысынан  10  предметтен  ат  салышат. Бизде  орус  класстардан, гимназия, лицейлерден  келген окуучулар жок. 3-4 жылдан  бери  райондук  олимпиадага  өзгөчө  талаптар  коюлуп, таза  өтүшүнө  аракет  кылуудабыз. Нарын  облусу  боюнча  жалпысынан  20  окуучу республикалык  олимпиадага катыша  алышат. Аларндын  ичинен  алдынкы  орундарга  ээ болгон  окуучулар  бар. Мен  баардык  окуучуларга  ийгилик  каалайм.»

Асанбек  Табалдиев  атындагы  орто  мектебинин  11-классынын  окуучусу  Айбек  кызы  Нестан  бүгүн  англис  тили  сабагынан  катышууда. Райондук  олимпиада  жакшы  деӊгээлде  өтүп  жаткандыгын  айтты:

« Мен  бүгүн  англис  тили  сабагынан  катышып  жатам. Жалпысынан  10-класстардан 12 окуучу, ал  эми  11-класстардан  8 окуучу  менен  таймашып  жатабыз. Баардыгы  мыкты  денӊгээлде  даярданып келишиптир. Мен  баардык  атаандаштарыма  ийгилик өзүмө  жеӊиш  каалайм.»

 Алыш  орто  мектебинин  окуу бөлүмүнүн  башчысы  Махабат Курманова  эжей  мындай  деди:

« Биздин  мектептен  өрөөндүк  турдан  5  окуучу  чыккан. Ал  окуучулар  Физика, Кыргыз тили, Орус тили, География, Тарых  сабактары  боюнча   райондук  олимпиадада таймашып  жатышат. Биздин  окуучулар  бүгүнкү  турга абдан  жакшы  даярданышты. Бүгүнкү  таймашта  күчтүүлөрдүн  күчтүүсү  жеӊсин».

Жолдош  Саламатов  орто  мектебинен 10-классынын  окуучусу  Кылымбек  Рашов кыргыз  тили  сабагынан  келди. Бүгүнкү  таймашка  жакшы  даярдыкта  келгендигин  айтты:

«Кыргыз  тили  сабагы  боюнча  бүгүн  жалпы  20 окуучу  келиптир. Алардын  19 кыз бири мен. Атаандаштарым  аябай  жакшы  денгээлде  келишиптир. Баардык  окуучуларга  ийгилик!» 

 Бул  райондук  олимпиада  таза  жана  так  өткөрүлөт  деп  ишенебиз. Бүгүнкү  олимпиададан  облустук  олимпиадага  жолдомо  алган  окуучуларыбызга  ийгиликтерди  каалайбыз.

        Даярдаган: Мээрим  Жумабекова   Гүлипа  Амангелдиева      Нурай  Эсенгулова