«Радиомост» жамааттык үналгысы

Талас шаары

“ЫЙМАНЫМ ЫЙЫК МУРАСЫМ”- АТТУУ ТЕМАДА ТАЙМАШУУ.

29 Декабрь 2017 жыл 9:22
Көрүүлөрдүн саны: 128
      yjman

Кыргыз республикасынын призиденти Алмазбек Атамбаев белгилегендей  эле 2017-жыл ыйман, адеп жана маданият жылы болгондуктан Талас облусунун ыйгарым укуктуу    өкүлүнүн апаратында социалдык манитордук жана өнүгүү бөлүмүнүн  жетектөөчү адиси Дүйшөкеева Динара    айым бүгүнкү күндө Талас шаарынын Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектепте  атайын азыркы жаштарды ыймандуулукка чакыруу менен ыйманым ыйык мурасым  деген темада  мектеп окуучулар жана студенттер арасында  таймаш өткөзүүдө. Албетте мындай иш чараларга азыркы жаштар муктаж десек болот, жана дагы бул  боюнча Динара айымдын айтымында:

Негизинен эле өткөрүп жаткан иш чарабыз Кыргыз республикасынын призидентинин жарлыгынын негизинде ыйман,адеп жана маданият жылынын алкагында ыйманым ыйык мурасым таймашуу  өткөрүлүп жатат. Бул облустук жыйынтыктоочу туру, буга чейин билим берүү мекемелеринин арасында жана коледжтердин арасында жана кесиптик литцейлердин арарсында өткөрүлүп келген, ошолордун ичинен тандалгандары бүгүн жети команда облостук деңгээлде беттешип жатышат. Бизге бул идеяны Талас мамлекеттик университетинин дотценти, ыйман сабагынын автору Калманбетов Манас агайдын сунушу болду жана биз ушу жобону иштеп чыгып азыркы учурда жаштарды ыйманга чакыруу максатта иштеп жатабыз.

Албетте ыймандуу болсоң кана сени баардык жакта сыйлашат жана өзүңдүн адамдык, инсандык сапатың жогорулай десек жаңылышпайбыз. Ал эми ошол сынактын катышуучусу  Жуматаев Бекжан мырзанын айтымында:

Мен Жуматаев Бекжан азыркы учурда Талас шаарындагы Абжалбек Чолпонкулов атындагы №1 орто мектебинин 11 классынын окуучусу болом.  Азыркы учурда Талас шаарында Талас облустук жаштар кеңеши бар, алар менен биз чогу иш жүргүзүп  ушул Талас шаарындагы тогуз мектепти биримдүүлүккө чакырабыз деген ойдо иш алып барып жатабыз. Менин оюмча азыркы учурда ыйманга же достукка чакыруучу иштер көп болсо эң жакшы болмок, жана азыркы болуп жаткан иш чара да жаштарды жакшы жакка калыптандырат деген ойдомун.

       Даярдаган:Тимурова Толгонай